Кыргызстанда келерки жумадан баштап ысык кайтат

Синоптиктердин маалыматына таянсак, Кыргызстанда эки күн катары менен салкын болуп, кайрадан ысыйт.
Sputnik
БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Кыргызгидрометеорология кызматынын билдиргенине караганда, 7-8-августта күн бир аз салкындайт.
Маселен, Чүй облусунун аймагында 6-августта 34 градуска чейин ысык болсо, кийинки эки күндө термометр +29ду көрсөтөт. Бирок температура кайрадан көтөрүлөт.
Талас облусунда +30 градуска (6-августта) чыгып, андан кийин 25...27 градусту көрсөтөт. Ош, Жалал-Абад, Баткенде да температуранын бир нече даражага түшөрү айтылды. Ушундай эле көрүнүш Нарын менен Ысык-Көлдө болот. Бул күндөрү республиканын көп аймактарында кыска мөөнөткө жамгыр жаап, ал эми 8-августта нөшөр болот дешти.
Августта күн кандай болот? Бир айдын аба ырайына божомол