Жаш энелердин эсине. Баланы туура эмизүү боюнча беш кеңеш

Адистер баланы эки жашка чейин эмизүү маанилүү экендигин эскертишет.
Sputnik
БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Ден соолукту чыңдоо борбору энелерге бала эмизүүдөгү башкы беш эрежени эскертти.
Түйүлдүк пайда болгондон тартып ымыркай төрөлүп эки жашка чыкканга чейинки алгачкы миң күн – ымыркайдын өсүшү үчүн жана анын ден соолугун чыңдоого чоң мүмкүнчүлүктөр камтылган мезгил.
Бул учурда эне да туура тамактануусу сунушталат. Эненин сүтү ымыркай үчүн табылгыс азык.
Төмөндө эмчек эмизген энелер сактачу негизги беш эрежени тизмектейбиз:
Алты айга чейин ымыркайды эмчектин сүтү менен гана баккыла;
Баланы эмизип жатып аны ала коюп шашып башка жумушка өтүп кеткен туура эмес. Бала бир эмчекти толук ээмп бүтүшү керек. Ошондо ал суу да ичкен болот жана зарыл болгон пайдалуу заттардын баарын алат. Бир жагын толук ээмп бүткөн соң гана экинчисине өтүү туура;
Наристе сураган сайын эмизе берүү керек. Күн, түнгө бөлүштүн кажети жок. Бала канчалык көп эмсе, сүт ошончолук көп бөлүнүп чыгат;
Алты айдан өткөндөн кийин эмизүү менен кошумча тамактандыра баштаса болот;
Баланы эки жашка чейин эмизген маанилүү.
Эмчек эмген бала стресске туруктуу, көтөрүмдүү болуп чоңоет. Адистин маеги