Садыр Жапаровдун айылына өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Кечээ Түптүн Байзак жана Кең-Суу айылдарында сел жүргөн.
Sputnik
БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Каркыра айыл өкмөтүнүн чечими менен Байзак жана Кең-Суу айылдарына өзгөчө кырдаал режими киргизилгенин ӨКМ маалымдады.
Эскерте кетсек, аталган эки айылда кечээ, 2-август күнү, сел жүрүп, үйлөрдү каптаган. Кең-Суу өлкө башчынын туулуп-өскөн айылы экени белгилүү.
Сел 38 үйдү каптады. Табигый кырсыктын кесепетин жоюуга техниканын бир нече түрү, 100дөн ашуун кызматкер тартылган.
Нарында 16 үйдү суу каптады. Сестенткен селдин видеосу