Тамчылатып, жаадырып сугарууда түшүм сапаттуу, чыгым аз болот. Маек

Соңку учурда климаттык өзгөрүүлөрдөн улам сугат суусунун жетишпестиги байкалууда. Андыктан сууну үнөмдөп пайдалануу жолдорун караштырылып, өзгөчө тамчылатып, жаадырып сугарууга толук өтүүгө кам көрүүдөбүз.
Sputnik
Sputnik Кыргызстан агенттигинин редакциясында Айыл чарба министрлигинин Айыл чарбаны механизациялоо, инновациялык технологиялар жана кооперациялоо департаментинин директору Нурланбек Кожогулов болду. Биз сугат суусун сарамжалдуу пайдалануунун мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маектештик.
— Токтогул суу сактагычы канчалык күн ысык болсо да толбой жатат. Чүйдө да суу тартыш. Министрлер кабинети өзүнүн планы тууралуу айтып жатат, анын ичинде тамчылатып, жамгырлатып суугаруу бар...
— Барган сайын климаттык өзгөрүүлөр күчөп, аба ырайынын ысышы менен жыл мезгилинин бир аз жылганы байкалат. Бул айыл чарбасында сугат сууларынын жетишсиздигине кептеп, оорчулук алып келүүдө. Мунун бир катар объективдүү жана субъективдүү шарттары бар. Бүгүн биздин дыйкандарыбыз пайда таба турган техникалык өсүмдүктөрдү айдап жатат. Ал өсүмдүктөр, албетте, сугат сууларын көбүрөөк талап кылат. Сууну үнөмдөө технологиялары азыраак болуп жатат. Ошондуктан биздин министрлик бир катар иштерди жүргүзүүдө. Өзгөчө жаңы технологиялар, фрегаттар, жаадырып жана тамчылатып сугаруу боюнча иштер жасалып жатат.
Айыл чарба министрлигинин Айыл чарбаны механизациялоо, инновациялык технологиялар жана кооперациялоо департаментинин директору Нурланбек Кожогулов
— Дыйкандар тамчылатып сугарууну канчалык деңгээлде үйрөнүп калды?
— Жаз, күз маалында агромеханикалык, ветеринардык маалыматтарды берип, окууларды уюштурабыз. Анын ичинен тамчылатып сугаруу боюнча окутуулар талап кылынууда. Жылына тамчылатып сугаруунун аянты 3000-4000 гектарга чейин көбөйсө, быйыл андан да ашты. Учурда 10 миңден ашык гектар тамчылатып сугарылып, жаадырып сугаруу системалары орнотулду. Ушул багытта иш алып барган биздин заводдор, компаниялар да арбыды. Дыйкандар үчүн маалымат булактары жетиштүү.
— Тамчылатып сугаруу жаатында Кыргызстандын потенциалы канчалык?
— Бизде жаңы башталды. Бул ыкма Израилде пайда болгон. Чүй районунун Прогресс колхозу өңдүү кээ бир аймактарда жаадырып сугаруу техникалары орнотулуп, ыкма колдонулуп келген. Мында түшүмдүүлүк жакшы болорун жана көп түйшүктү талап кылбай, жерди азыктандыруу да жеңил болорун байкадык. Потенциалы өтө жогору. Бизде 1 миллион 200 миңден көп айдоо аянты бар. Анын 900 миңден ашыгы сугат жерине кирет. 200 миң гектардан көбү кайрак жер. Адистердин айтымында, дагы 612 миң гектар жерди трансформациялап технологияларды киргизип айдоо жерине айлантып, жемиш бактарын, тоют өсүмдүктөрүн өстүрүүгө болот. Булар тоонун этегиндеги шарты бир аз татаалыраак жайыт жерлер. Таштак, кунарлуулугу төмөн жерлерге тамчылатып сугарууну алып барсак, кошумча азыктандыруу менен мол түшүм ала алабыз. Демек, 600 миң гектардан ашык жерди пайдалансак, айыл чарбасындагы айдоо жерлер дагы 50 пайызга көбөйөт. Бул биз үчүн абдан чоң көрсөткүч. Тамчылатып сугаруу аркылуу бир гектар жерден бир миллион сомдун тегерегинде киреше алгандар бар. Бул абдан жакшы көрсөткүч. Биринчи кезекте булар сууну үнөмдөйт. Экинчиден, жер семирткичтерди, агротехниканы пайдалануу абдан жеңилдейт. Отоо чөптөр дээрлик өспөйт. Азык заттар ар бир өсүмдүктүн түбүнө жетет. Бакча, мөмө–жемиштерге тамчылатып сугарууну пайдаланса болот. Ал эми эгин талааларына, жүгөрү, картошка, кызылчаларга жаадырып сугаруу жакшы. Даны толук болуп, батыраак бышат. Сатууда сырткы көрүнүшү да жакшы болуп, дыйкандарга артыкчылыктар түзүлөт.
Суунун ордуна газ, көмүр, дан алган система кайра кириши керек. Окумуштуунун маеги
— Сугат сууга скважинанын суусун пайдалануудан улам көл 95 сантиметр тартылып кеткени айтылууда. Балким тамчылатып сугаруу ушул маселени чечүүгө көмөкчү болор?
— Биринчи кезекте сугат сууларын бир топ үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк түзөт. Дыйкандар секундасына 100 литр суу кеткен бир булак сууну буруп алып сугарууга мажбур. Бир дыйкан ал суу менен эки гектар гана жерди сугарышы мүмкүн. Ал эми жаадырып сугаруу андан беш эсе аз, 20-25 литр суу менен эле бир күндө 3-4 гектар жерди сугарып коюуга болот. Чыгымы да азыраак. Ошого кеткен электр энергиясынын наркы миң сомго жетпейт. Ал эми бир гектар жерди сугарууга сугатчыларга 3-4 миң сом эмгек акы төлөйт. Ошол акча менен эле насосторду, жаадырып сугаруучу ыкмаларды орнотсок болот. Жер кыртышы сакталат, отоо чөп өспөйт. Бул да экологиялык жактан жакшы мүмкүнчүлүк берет. Жер семирткичтерди ар бир өсүмдүктүн тамырына бергендиктен үнөм болот. Министрдин демилгеси менен жылдын аягына чейин бул багытта каржы тартуу, окутуу, фирмалардын кызматын азайтуу жаатында да комплекстүү иш-чараларды жасайбыз.
— Тамчылатып, жаадырып сугаруунун жабдыктарын орноткон дыйкандын чыгымы канча жылда акталат?
— Жабдыктардын түрү көп. Кытайдан, Түркиядан чыккан жабдыктар, крандар, фильтр станциялар арзаныраак болот. Андан кийин Европа өлкөлөрү, Америка жана эң кымбаты Израилден чыккан жабдыктар. Бирок сапаты, технологиясы, албетте, айырмаланат. Дыйкандар биригип 20-25 гектарга бир жабдык алса ыңгайлуу. Алар айыл чарбасын каржылоо, лизинг системалары, жеңилдетилген каржылоо долбоорлору аркылуу каржыланат. Кымбат баадагы жабдыктарды 6 пайыз менен 7 жылдан 10 жылга чейин лизинг программалары аркылуу беребиз.
Айыл чарба министрлигинин Айыл чарбаны механизациялоо, инновациялык технологиялар жана кооперациялоо департаментинин директору Нурланбек Кожогулов
Бизде азыр түтүктөрдү чыгаруучу төрт завод иштейт. Диаметрден баштап 460 миллиметрге чейин жогорку 16-18 басымга туруштук берген түтүктөр чыгып жатат. Ленталык жука шлангдарды чыгаруучу ишкана да курулуп бүтүп калды. Сентябрь айы менен бул ишке берилет. Калган жабдыктар өлкөдө жетишерлик деңгээлде сатылып жатат. Сырттан алып келип саткан компаниялар орнотуп берүүгө жардам берип, үйрөтүп, дыйкандарды окутат.
Жабдыктар технологиясына жараша ар кандай мөөнөттө иштейт. Жемиш бактарында 5-10 жыл, ал эми жашылчалар үчүн үч жылга чейин пайдаланылат. Түшүмдү жыйганда кошо жыйнап алчу бир жылдык түтүктөр да бар. Ар кандай. Системаны орноткондон кийин түтүктөрүн алмаштыра беришет да.
— Мамлекеттен буга канча каражат бөлүнүп жатат?
— Азыр муну жайылтуу үчүн министрлик программа кабыл алды. Жылына 30 миң гектарга чейин жамгырлатып сугаруу системасын дыйкандарга сунуш кылышыбыз керек. Биз андан эч кайда кете албайбыз. Жылдан-жылга суу тартыш, аба ырайы да кескин ысып кетүүдө. Бүгүнкү күндө 11 миллиард сомго айыл чарба техникаларын лизингге бердик. Өткөн жылы дыйкандарды 3 миллиардга насыялаганбыз. Быйыл 6 айдын ичинде 2 миллиардга чыктык. Жылдын аягына чейин 4-4,5 миллиардга чейин каржылайбыз деп турабыз. Жаңы үлгүдөгү, модернизацияланган техникаларды дыйкандарга сунуштап, аларды алууга шарт түзүп берүү керек.
Президент тарабынан жаңы суу сактагычтарды куруу тапшырмасы берилген. Каналдардын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, суу сиңип кеткен жерлерди бекемдөө же түтүктөр аркылуу берүү, насостук станциялардын кубаттуулугун жогорулатуу өңдүү иштер жасалууда. Жакын арада Орто-Токой суу сактагычынан чыккан сууларды үнөмдөө үчүн Кемин районуна курулган суу сактагыч ишке киргени турат. Буга чейин дарыянын нугу менен келген суунун 30 пайызы жерге сиңип кетчү.
Ботаникалык бакты жакшыртуу үчүн каржылоо толук болбой жатат. Маек