Бишкек — Ош жолунун боюнда сойкукана уюштургандар кармалды. Сүрөт

Кылмыштуу иштер жасалып жатканы тууралуу маалымат милицияга май айында түшкөн.
Sputnik
БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Сузак районунда сексуалдык кызмат көрсөтүү менен баңгизат колдонууга ыңгайлаштырылган көмүскө жай табылып, уюштуруучулары кармалды. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Кармалган уюштуруучулар
Билдирмеге караганда, май айында Ош — Бишкек унаа жолунун боюнда жайгашкан Сузактагы мейманканалардын биринде кыздар кардарларга сексуалдык кызмат көрсөтүү менен баңгизат жана психотроптук каражаттарды колдонуучу жай иштеп жатканы кабарланган.
Андан соң Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренеси ("Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү") менен кылмыш иши козголгон.
Натыйжада Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы тарабынан башкы уюштуруучу делген 30 жаштагы Т. аттуу киши кармалган. Ал интимдик кызмат көрсөтүү жана баңгизат колдонуучу жайды ачканы аныкталып, Сузак РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Аны менен кошо кармалган эки аял тергөөгө келип туруу милдетин алып бошотулган.
Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Бишкекте саунада сойкукана уюштурган деп 41 жаштагы аял кармалды. Сүрөт