Пресс-борбор

Газ менен жылытуу көмүргө караганда эмнеге пайдалуураак. Эксперттин түшүндүрмөсү

Бийлик абанын кирдешине каршы жасалган иштердин алкагында бишкектиктерге үйүнө газ менен жылыткан каражаттарды коюуга жеңилдетилген насыя берүүнү пландаган. Насыя 150 миң сомго чейин аз пайыз менен күрөөсүз жана баштапкы төлөмсүз берилет.
Sputnik
БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Көмүр жана электр кубатына караганда үйдү газ менен жылытуу пайдалуураак. Бул туурасында Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда өткөн брифингде "Газпром Кыргызстан" ишканасынын башкы директорунун экономика жана финансы боюнча орун басары Арзымат Алдаяров билдирди.
"Жаратылыш газы көмүр жана электр кубатына караганда үнөмдүүрөөк келет. Көмүр жакканда имараттын ичиндеги температура туруктуу болбойт, жанганда жылыйт да, өчкөндө кайра көмүр салганга туура келет. Электрди колдонгон газга салыштырмалуу кымбатыраак чыгат. Энергетика системасындагы азыркы кырдаалды — улам өчүп-күйүп турганын эске алсак, аны менен колдон келишинче үйдү жылытпай койгон жакшы", — деген Алдаяров.
Эске салсак, бийлик абанын кирдешине каршы жасалган иштердин алкагында бишкектиктерге үйүнө газ менен жылыткан каражаттарды коюуга жеңилдетилген насыя берүүнү пландаган. Насыя 150 миң сомго чейин аз пайыз менен күрөөсүз жана баштапкы төлөмсүз берилет.
Пресс-борбор
Быйыл Кыргызстанда кайсы жерлер газдаштырылат