Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын колдоосу менен жакырчылыкты жоюу максатында "Эмгек үчүн азык-түлүк" долбоорун 2012-жылдан бери ишке ашырып келет. Бул тууралуу Актан Балбаков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, долбоорго ылайык, ар бир үй-бүлөгө 6 кап ун, 30 литр май берилет.
"Эмгек үчүн азык-түлүк" долбоорунун алкагында калктын аялуу катмары тигил же бул коомдук иштерге тартылып, акысына азык-түлүк алышат. Ошентип аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоо милдети гана чечилбестен, башка масштабдуу максаттар ишке ашырылып, жарандар климаттын өзгөрүшүнө, табигый кырсыктарга каршы күрөшүүгө жана айыл жериндеги инфраструктураны жакшыртууга мүмкүн болгон салымын кошууда. Алсак, катышуучулар өз айылдарында ирригациялык системаларды калыбына келтирүүгө жана арыктарды тазалоого, көпүрөлөрдү жана жолдорду курууга катышканы үчүн ун жана өсүмдүк майын алышат. Бул жылы "Эмгек үчүн азык-түлүк" долбооруна үстүбүздөгү жылдын башынан ушул убакытка чейин жети миңден ашык үй-бүлө катышты. Бул 38 миӊ адамды түзөт. Жалпысынан 20 миң тонна азык-түлүк таратылды. Ошондой эле 79 тонна ун жана өсүмдүк майы улгайгандар, чоңдор жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жашаган интернаттарга өткөрүлүп берилди", — деди Балбаков.
Ал жылдагыдай эле 2023-жылдын 1-августунда БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын колдоосу менен Россиядан 1 397 тонна азык-түлүк келгенин кошумчалады.