БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. 2023-жылдын 2-3-августунда өзгөрүлмөлүү аба ырайынан улам боло турган нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.
ӨКМ селди алдын алууну айтып, эскертүү таратты. Тагыраагы, элге үйдүн жанындагы, чарбактардагы арыктарды тазалап алууну сунуштады.