Балыкчыга каттаган VIP вагондуу поезддин терезелерин сындырып кетишти. Сүрөт

Мекеме мындай окуя материалдык зыян гана эмес, адамдардын өмүрүнө да коркунуч келтирерин эскертти.
Sputnik
БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Балыкчы — Бишкек темир жол каттамындагы Дмитриевка — Кант станциясында белгисиз адамдар жүргүнчүсү менен бараткан поезддин терезелерин талкалап кетишти. Бул туурасында "Кыргыз темир жолу" ишканасы билдирди.
1 / 2

Балыкчы — Бишкек темир жол каттамындагы Дмитриевка — Кант станциясында белгисиз адамдар жүргүнчүсү менен бараткан поезддин терезелерин талкалап кетишти

2 / 2

Окуя кечээ, 1-августта, саат 21:18де болгон. Көчө тараптан келген адамдар VIP, люкс-вагондордун жана жөнөкөй вагондун 9-купесинин терезелерин сындырып, башка вагондун жумушчу тарабындагы тамбурдун айнегин талкалашкан.

Окуя кечээ, 1-августта, саат 21:18де болгон. Көчө тараптан келген адамдар VIP, люкс-вагондордун жана жөнөкөй вагондун 9-купесинин терезелерин сындырып, башка вагондун жумушчу тарабындагы тамбурдун айнегин талкалашкан.
"Мындай окуя жүргүнчүлөргө жана туристтерге ыңгайсыздык жаратып, алардын коопсуздугуна да коркунуч келтирди. "Кыргыз темир жолу" ишканасынын кызматкерлеринин ыкчам аракеттеринин натыйжасында сынган терезелер убактылуу скотч менен жабылып, поезд өз жолун уланткан. Бирок мындай жосун олуттуу кесепеттерге алып келип, жүргүнчүлөр, туристтер жана коштоочулар үчүн кооптуу жагдайларды жаратышы мүмкүн. Поезд жолунун боюнда жашаган жергиликтүү тургундардан тартипти жана жоопкерчиликти бекем сактоосун өтүнөбүз", — деп айтылат маалыматта.
Мындай жагымсыз окуя материалдык гана эмес, адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна да коркунуч келтирери белгиленди.
Бишкектен Балыкчыга поезд 17-июлдан тарта күн сайын каттайт. Баасы, убактысы