Россия Кыргызстанга жардам катары 1 200 тонна ун, 180 тонна май берди. Видео

Аталган азык-түлүк долбоорлорду аткарган 26 миң аз камсыз болгон кыргызстандыкка бөлүштүрүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Россия Кыргызстанга 1 215 тонна байытылган буудай унун жана 180 тоннадан ашык өсүмдүк майын жардам иретинде берди.
Аталган азык-түлүк жашаган жеринин инфраструктурасын жакшыртууга (арык-канал, көчө тазалоо, көпүрө оңдоо) багытталган долбоорлорду аткарган 26 миң аз камсыз болгон кыргызстандыкка бөлүштүрүлөт.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев акыркы 1,5 жыл ичинде бул өңдүү миңге жакын долбоорлор аткарылып, ага 31 миң үй-бүлө катышканын билдирди. Анын айтымында, бул аралыкта 6 миң тонна ун жана өсүмдүк майы берилген.
1 / 3

Россия Кыргызстанга 1 215 тонна байытылган буудай унун жана 180 тоннадан ашык өсүмдүк майын жардам иретинде берди

2 / 3

Аталган азык-түлүк жашаган жеринин инфраструктурасын жакшыртууга (арык-канал, көчө тазалоо, көпүрө оңдоо) багытталган долбоорлорду аткарган 26 миң аз камсыз болгон кыргызстандыкка бөлүштүрүлөт

3 / 3

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев акыркы 1,5 жыл ичинде бул өңдүү миңге жакын долбоорлор аткарылып, ага 31 миң үй-бүлө катышканын билдирди. Анын айтымында, бул аралыкта 6 миң тонна ун жана өсүмдүк майы берилген.

Аталган жардам Бишкек жана Ош шаарындагы БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын кампасында сакталат. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин алдындагы Социалдык камсыздоо департаментинин директору Актан Балбаков аны бөлүштүрүүнүн жол-жобосу тууралуу айтып берди.
"Бизде көп жылдардан бери "Эмгек үчүн азык-түлүк" деген долбоор бар. Анда айыл өкмөттөр долбоор жазып, акимчиликке берет, алар Бишкекке жөнөтөт. Комиссия жактырган долбоорлор бекитилип, ишке ашырыла баштайт. Долбоор айылдын инфраструктурасына байланыштуу болушу мүмкүн. Мисалы, арык, канал, огород, көчө, талаа тазалоо, бак тигүү, көпүрө оңдоо иштери боюнча. Буга аз камсыз болгон үй-бүлөлөр тартылып, алар жыйынтыгында эмгек акы катары 300 килограмм байытылган буудай унун жана 30 литр өсүмдүк майын алышат", — деди Балбаков.
Россия БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Кыргызстандагы эң ири донору болуп саналат. Акыркы 10 жылдын ичинде РФ өкмөтү Кыргызстандын жарандарына өнүгүү жана социалдык коргоо жаатында ар кандай деңгээлде колдоо көрсөтүп келет.
Мамлекеттик материалдык резервдер фонду 40 миң тонна буудай алат