Ошто "Араб фондунан үй алып беребиз" деп 74 адамды алдап кеткендер кармалды

Шылуундарга алдангандардын чыгымы 75 миллион сомдон ашат.
Sputnik
БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Ошто "Араб фондунан үй алып беребиз" деп элди алдап кетүүгө шектелген эки аял менен бир киши кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБдин маалымат кызматы билдирди.
Алдамчылардын тобунан жабыркагандардын саны 74 адамга жетип, келтирилген чыгымы 75 миллион сомдон ашкан. Милиция буларга карата арыз жазуучулар дагы болушу мүмкүндүгүн айтууда.
"Арабдар берди делген үйдү алмак болуп алдангандардын эң азы 350 миң сом акча салган, аларга Монуев көчөсүндөгү "Ош шаарынын мунарасы" турак жай комплексинен өздөрү убактылуу ижарага алган батирди көрсөтүшкөн. Ал эми 11 миллион берген жаранга көп кабаттуу үйдөн батир, дүкөн жана жер үй убада кылышкан. Жабыркагандардын көпчүлүгү Ош шаарынын, Ош жана Баткен облустарынын тургундары", — деп айтылат маалыматта.
Милиция шылуундукка шектүү катары 39 жаштагы кишини, 38 жана 28 жаштагы эки аялды кармап, алар 24-июлда убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Бирок Ош шаардык соту аларды кайра үй камагына чыгарган.
Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси ("Алдамчылык") менен тергөө иштери уланууда.
Ош ШИИБдин Тергөө кызматы жогорудагы шектүүлөрдөн жабыркагандар болсо Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына кайрылууга чакырды.
Сокулукта акча көбөйтүп берем деп элди 10 млн. сомго алдап кеткен аял кармалды