Россиянын тарыхындагы биринчи дөңгөлөктүү "Мальва" гаубицасы дүйнөлүк жогорку стандарттарга төп келет, сериялык өндүрүштү баштоого зарыл болгон бардык сыноолордон өткөн. Аскерий баяндамачы Александр Хроленко бул сапар россиялык жаңы куралдын мүнөздөмөсүнө кеңири токтолгон.
"Ростех" 8х8 дөңгөлөктүү БАЗ шассисиндеги 152 мм 2С43 "Мальва" өзү жүрүүчү дөңгөлөктүү гаубицасынын мамлекеттик сыноосун аяктады.
Чынжырлуу түрүнө караганда жаңы гаубица кыйла ийкемдүү. Ордуна дароо жайгашып, ок атып бүткөн соң чыгып кетет. Техникалык ресурсу кенен, ал эми колдонууда арзан. Артиллериялык түзүлүш душмандын командалык түйүн, коргонуучу курулма, артиллериялык, ракеталык, миномёттук батареяларды, аба чабуулунун коргоочу тутум, ок өткөрбөс колонна жана жоокерлерин жок кылууга ылайык.
Жакында "Мальва" да россиялык аскердик бөлүктөргө берилип, РФтин өзү жүрүүчү чынжырлуу артиллериясына күч кошот.
"Мальва" долбоорунун өзөгүндө – 8х8 дөңгөлөктүү жана дизелдик кыймылдаткычынын кубаттуулугу 470 аттын күчүндөй бар БАЗ-6610-027 "Вощинанын" шассисиндеги жогорку мобилдүү жеңилдетилген артиллериялык системанын концепциясы.
© Sputnik_Infographics
32 тонна салмактагы машина шосседе да, жол салына элек жерлерде саатына 80 чакырымга чейинки ылдамдыкта жүрө алат. Кошумча май куйбастан 1000 чакырымга чейин жетет. "Мальванын" көлөмү жана салмагы Ил-76 транспорттук учагынын бортунда артиллериялык түзүлүштү ыраак аралыкка ыкчам жеткирүүгө мүмкүндүк берет.
Конструкциясы ынанымдуу, майнаптуу. Экипажы беш кишиден туруп, алар машинанын алдыңкы бөлүгүндөгү эки катар кабинага жайгашат. Ок топтому (30 дүрмөт) жана ар кандай агрегаттары – машинанын ортосунда. Өзү жүрүүчү "Мальва" 2А64 152 мм гаубицасы алдыңкы секторунун чегинде -3° даражадан +70°га чейин көтөрүлүп, 60° кеңдикте ок атат. "Мальванын" заманбап автоматташтырылган тутуму навигациялык таамай каражаттар менен жабдылып, маалымат алмашуу мүмкүнчүлүгү бар.
Гаубица бир эле убакта ар кайсы траекторияга дүрмөттөрүн коё берип, мүнөтүнө 7 ирет ок ата алат. Борттук жабдуунун комплекси экипажга дүрмөттөрдү берүүнү жеңилдетет (натолук CAESAR өзү жүрүүчү артиллериялык түзүлүш мүнөтүнө алты ирет ок атат).
Майдаланма-фугастык снаряд менен – 24 чакырымдан ашуун, "Краснополь-М2" – 25 чакырымга жана "Краснополь-Д" (ГЛОНАСС боюнча мээлөөчү жана түзөтүүчү инерциялык система) дүрмөттөрү менен 43 чакырымга чейинки аралыктан буталарын талкалай алат.
"Мальва" баарынын ордун баспайт, бирок Россия армиясы куралданган "Акация", "Гвоздика", "Гиацинт", "Пион", "Тюльпан" өзү жүрүүчү артиллериялык түзүлүштөрүн сан жана сапат жагынан бирдей толуктап калары бышык.
"Мальванын" дөңгөлөктүү базасы, күчтүү кыймылдаткычы аскердик техниканы жеткирүүнү жеңилдетип, тездетери да ырас.
Дөңгөлөктүү артиллериялык түзүлүштөр климаты жылуу, жол түйүнү салынган өлкөлөрдө, кеңири таралган, демек, мындай техниканы деңиз жээгиндеги аймакта (Николаев жана Одесса облустарында күн жылуу маалда) колдонуу жөндүү. Эске салсак, атайын операция зонасында Украина Куралдуу күчтөрү "Богдана" жана 155 мм натолук калибрдеги (ок топтому – 18 ирет ок аткан) франциялык-чехиялык CAESAR артиллериялык түзүлүштөрүн пайдаланат.
"Мальва" атайын аскердик операция зонасында кеңири колдонулуп, оптималдуу чыгым менен (чынжырлуу машина капиталдык ремонтко чейин болгону 5000 чакырым жүрсө, дөңгөлөктүү түрүндө бул көрсөткүч бир топ эсеге көп) россиялык артиллерия жана моторесурсунун мүмкүнчүлүктөрүн арттырат.
"Мальва" өзү жүрүүчү артиллериялык түзүлүшү РФтин Нижний Новгород облусундагы "Буревестник" борбордук илим изилдөө институтунда иштелип чыккан. Айтмакчы, дал ошол жакта КамАЗ-6550 шассисиндеги "Коалиция-СВ" өзү жүрүүчү артиллериялык түзүлүштүн дөңгөлөктүү версиясы да пайда болгон. Алдыда өзү жүрүүчү "Лотос", "Магнолия", "Флокс" куралдарын чыгаруу жагы каралууда.
Артиллерия жогорку интенсивдүүлүктөгү согуштук аракеттерде өтө керек. Атайын аскердик операция зонасында ок күчүнөн тышкары мындай куралдын мобилдүүлүгү артыкчылык берет. Жалпы аскердик бөлүктөрдүн операцияларынын жүрүшүндө артиллерия душмандын башкаруу, чалгындоо жана радиоэлектрондук күрөш тутумун, коргонуучу курулмаларын, танктарын талкалайт.
Россиялык артиллерия кубаттуу, таамай жана кандай жагдай болбосун оңой бурула алган өзгөчөлүккө ээ экенине күн сайын күбө болуп келебиз. Согуш талаасында артиллериялык куралдын (курал-жарак, миномёт, залптык октун реактивдүү тутуму жана танкка каршы ракеталык комплекстер) жана колдонула турган ок-дарынын кеңири түрү ок атуунун ар кандай багытын өз алдынча чечүүгө мүмкүндүк берет. Негизи эле өзү жүрүүчү артиллериялык түзүлүштөр эч качан ашыкча болбойт.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram-каналына жазылыңыздар.