Садыр Жапаров Оштогу ипподром кандай оңдолуп жатканын көрдү

31-август — Эгемендүүлүк күнүнө карата аталган ат майданда алгачкы майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 30-июл. – Sputnik. Садыр Жапаров Ош шаарына жана Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында "Төлөйкөн" ат майданын реконструкциялоо ишинин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Мамлекет башчысына быйыл спорт объектисин капиталдык реконструкциялоого республикалык бюджеттен 40 миллион сом бөлүнгөнү туурасында маалымат берилди.
1 / 2

Садыр Жапаров Ош шаарына жана Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында "Төлөйкөн" ат майданын реконструкциялоо ишинин жүрүшү менен таанышты

2 / 2

Мамлекет башчысына быйыл спорт объектисин капиталдык реконструкциялоого республикалык бюджеттен 40 миллион сом бөлүнгөнү туурасында маалымат берилди

Реконструкциялоо долбоорунда төмөнкүлөр каралган:
жаңы конференц-зал куруу;
ат чабыш жолуна жана көк бөрү оюн талаасына кум төгүү;
негизги трибунаны капиталдык оңдоп-түзөө, жаңы 4040 орундук жана кошумча трибунанын үстүнө бастырма орнотуу;
сырткы жарыктандырууну орнотуу;
жаңы тосмолорду орнотуу.
Президент Садыр Жапаров курулуш иштеринин жүрүшүн канааттануу менен белгилеп, ат майданын капиталдык реконструкциялоону белгиленген мөөнөттө аяктоону тапшырды.
31-август — Эгемендүүлүк күнүнө карата аталган ат майданда алгачкы майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт.
100 миллион долларга ипотеканын үйлөрү курулат. Жапаров мыйзамга кол койду