Манастын ажыга бармак болгону. Улуу баяндан 7 факт

Каныкейдин сөз тапкычтыгы, түшү, баланын жарык дүйнөгө келиши, жентек той, тойдун шааниси менен тополоңдору жана башка кызыктар тууралуу фактыдан окуңуз.
Sputnik
Мекеге Манастын барыш-коюшун кеңешүү. Ушул кезде мурутун сылай булайып Бакай абасы мындай дейт. Олуя-Ата, чоң Ташкен, орчун Кокон, Маргалаң, Оро-Төбө, Самаркан, аяк жагы Букардан алым алдык булардан, Тасталынын көлүнөн, сыдырып Сырдын чөлүнөн, Кара деңиз, Бор арал, кара кыргыз уругу, Кырымдын журту кыңк этпей, Кыйбанын журту былк этпей, басып алдык Барысты, кебелтпей алдык Кейүүнү, аягы шаар Даштаалы, козголтпой алып Котонду, жетип алдык Жергенди, Сарыстан журтун сапырып, Ындыстан журтун жапырып, Ымалай тоосун ашкан бар, Ыштыктын чөлүн баскан бар, Атыла белин ашкан бар, Анжамы чөлүн баскан бар ушулардын баарынын алым алганын айтат. Ушулардын баарынан душман ашырганын айтат, "кара динде калкыбыз, калмакча болгон наркыбыз" деп келип, баатыр өтсө кыргыздын көзүнөн жашы арылбасын айтып, эки-үч жыл ажылыкка барбай туруусун сурайт. Бакайдын бул айтканын Кыргыл чал жактырбайт: "Жашың жетти жетимиш, жандын баарын жедиңиз, акырет жолун издесе, дагы эле барба дедиңиз, алган менен тойбодуң, ар качандан бир качан, ач көздүгүң койбодуң, жеген менен тойбодуң, ар качандан бир качан, жезиттигиң койбодуң, аманат жан карыз үчүн, аят-адис дарс үчүн, Алда салган парз үчүн, барамын деген Кээбеге ары барса алты айга, бери келсе алты айга акыреттин камы үчүн, барып келсин баатыр!" – дейт. Анан дагы алты иниси Абыке менен Көбөшү, Медет менен Седети, Дебеги менен Кочкору артында турганын, алар да байкесинин Мекеге барып келишин колдоорун кошумчалайт. Дагы мында бир энеден Байыт барын, Элеман уулу Эр Төштүк, Эштектен Жамгырчы, казактан Көкчө, Кара Таз уулу Үрбү, Санжыбек менен Музбурчак, Жедигер уулу Багыш, Жеткердин уулу Агыш, дагы-дагы көбү бар экенин айтып, бул жактан кам санабай бара беришин көпчүлүккө угузат. "Барба деген баатырды, Бакайдын кеби акылбы, айнытып алыс сапардан, напсиңе тартып жатырбы?" — деп бүтүрөт Кыргыл кары кебин. Ошондо Бакай бакырды, "атаңдын көрү Кыргыл чал, ааламды бузган дыңгыл чал, адам болбой куруп кал" деп. Анан дагы Көкчөнү айтып казак деп, Төштүктү айтып кыпчак деп, Багышты жедигер, Агышты жезит деп кыргызды төрткө бөлгөнүн, канкор өткөн соң баары кыргыз баласын ит кыларсың түбүндө, кырк баатырды кысарсың, кылымдын баарын бузарсың, төрөлөрдү кысарсың, төрөнүн көзү өткөн соң, төгөрөк журтту бузарсың деп келип, болду, сен мага эрегишпе дейт. Бакай менен Кыргылдын тирешин тыңшап туруп, Эр Төштүк бу төрөбүз өткөн соң бири-бириңе душман чыгарсыңар, Көзкамандын балдары ак сакалы Көкчөкөз, анан кийин Арбалдай менен Дөрбөлдөй, Агалдай менен Чагалдай, эң кичүүсү Токолдой ар кимиси ар убак Манаска каршы туруп келгенин айтат. Төштүктөн кийин кырк жигиттин күлдүргүчү Ажыбай эгер Манас сапарга кетсе, кырк жигитке Кыргыл чал ээлик кылышын, ансыз кыркы жерге да сийбешин айтып күлдүрөт какшык менен. Ажыбайдын өз аты Абдылда, ал ушинтип сүйлөсө, баары калды каткырып. Кайра кырданып Кыргыл "Бакайың баштап талашасың, мага койсо Манас Мекеге кетпей, Каканга көп аскер алып беттесин" деп какшык жылдырат. Антсе Багыш кары кеп айтат: "Бу Манастын артында тутунар туягы жок, бул жерде туруп калар сыягы жок, кыяматтын жолу үчүн ажылыкка барса – барсын", — деп айтат. Мекеге Манас барбайт деп, Мекеге Манас барат деп кыйла мезгил тартышты.
Зайыптарды чакыруу. Акыры Багыштын айтуусу боюнча зайыптар дагы чакырылмак болду. Акылай менен Алтынай, Каныкей менен Карабөрк келип, сурак берсин дешти. Эгер биринин эле боюнда болсо Манаска узакка сапар барууга уруксат бербей тыялык, ургаачыбы, эркекпи, урматын бирге кылалык деди. Катындар келип бир-бирден сөзгө кирди. Шооруктун кызы Акылай, шоодурайт экен капырай, "беш айдан бери көрө элек Каныкей деген бечара, башкабызда башта жок, бала түгүл, таш да жок, сыпсыйда жүргөн өзүбүз, жаш тыйылбай көзүбүз, жалманып жүргөн өзүбүз, жалганы жок чыпачын, айткан ушу сөзүбүз!" дегенде Манас сөз маанисин түшүндү. Чакыргандарга бир гана Манастын Санирабигасы келген жок. Канга никеси кыйылган соң Каныкей атын алган бул келин чакырганга не келбейт, чаркын артып не бербейт деп нааразы болуп турушту. Баатыр болсо "казына калган мүлкүм деп, каткырып чыкпайт күлкүм деп дале зарлап жатат. Эр Көкчө, Музбурчак баш болуп Каныкейдин келишин күтө берди.
Каныкейдин сөз тапкычтыгы. Кандар буйруган соң Калдарбек деген бир жигит чакырып жатыр сизди деп, кабар айтып Каныкейдин алдына барды. Аны көрүп, кайран жеңеси кашкайып күлүп мындай деп атпайбы, кашайып: "Жерге сайган көк чыбык жел болсо турар чайпалып, жетип кантип барамын желең тон кийип жайкалып, калк бийлеген кандар бар, каргышы ката кетпеген, как ушу жыйын тобунда касиеттүү жандар бар, ак сакал бар, кары бар, ар уруу журттун каны бар, аңдап турсам тобуңда азиздердин баары бар, караса көзү жетпеген, катуу сөз чыкса жектеген, кайсы түрдүү иш кылса, Кадыр Алдам эптеген, каарданып караса, каргышы ката кетпеген карыядан кандар бар, кашында канча өкүмөт, калкын билген зардал бар, улуктардын астына уят болор барганым".
Каныкейдин түшү. Алты миң кулач мунаранын башында туруптур. Камыр жууругансып бала жууруп атыптыр. Ошол мунаранын башында бутунда алтын боосу бар, жайнаган жакут оозу бар, алтын боолуу ак шумкар кашына келип айланып учат. Анан саңоор жүнү сары алтын, таканак жүнү баары алтын экен. Ал ак туйгун кашына келип конот. Ак туйгундун куйругу күмүш, канаты алтын, боосу жез. Аны менен кошо ала моюн кара куштар жабыла ары-бери учуп жүрөт. Колундагы ак туйгун ал куштарга жутунуп желпинди эле, баары жерге житип жоголду. Каныкей бул түшүн Калдар аркылуу баатырга айттырды, өзү басып барбады кандар алдына. Отургандар бул сөздү угуп, түштү жакшылыкка жорушту, андай болсо бир жылдай аяр кылып, ажыга барууну кийинкиге жылдырыңыз дешти Манаска. Өкмөттөр тарады. Кыш өттү, жаз, жай келди. Болжогон күнгө жетти. Тогуз ай, тогуз күн, тогуз саатка толуп, толукшуган Каныкейдин толготор күнү болуптур.
Кыргыз "физиктери" менен "химиктери": бабалардын өнөрү, кол билгилиги
Баланын жарык дүйнөгө келиши. Каада билген кемпирлер, акылга дыйкан айымдар миңдей болуп дүрбөшүп, бири-бирин жүр дешип, сен бери кел, сен ары тур дешип кан сарайга жыйылды. Эркек болор бекен деп кан Бакай баш болуп кудуретке сыйынды. Бейшембиде түнүндө бир кудайга зар айтып, миңдеп-миңдеп мал айтып, чымын учту чыркырап, чымчыктын баары чуркурап, таң менен кошо бала жерге түштү быркырап. Айымкүл алды баланы. Эркек экен дегенде Манастын жүрөгү кабынан козголду, мууну бошоп былк этип, бутун шилтеп баса албай, жыгылды баатыр шылк этип. Айтарга тили келе албай, алтын, күмүш дүйнөсүн, акылдан танып, эс кетти. Ошо кезде Алмамбет келип Манаска айтса салам, алик жок. Анан ал "катының эркек тууганга, калк сүйүнүп турганга канеткениң, жаңы тууган жан үчүн кайратың калбай боюңда, кеттиби бойдон бар күчүң" деп кужурланып бакырды, өйдө тур деп чакырды. Баланы Алтынай ороп алган экен, андан Бакай сурап, бетинен өөп, өбөктөп жатты. Анан Сыргак келип, бир бала үчүн кандардын баарынын эси кеттиби деп туруп калды. Эшиктен Каратоко кирип келип эле Манаска "Бешик бооң бек болсун" айтты. Эр Серек билгич кирип эле "айтты-койду дебегиле, акыры ушул бала атадан жетим калып, калаасы карайлап калбаса экен" деп жиберди чунаңдап. Дагы-дагы көп нерсе айтты, адамзаттын тарыхын айтты, бу дүнөнүн кайгысын айтты, касиретин айтты. Манастын зарын айтты, төрт катыны туубаганын айтты.
Жентек той. Той өтөр жердин тандалышы. Кан Манастын баласына деп көп кыргыз миңдеп-сандан келе берди аягы үзүлбөй. Айкөл аларга дүйнөсүн чачты, казынасын кең ачты. Уругу кыргыз улуу журт, эми көрсөң кара курт. Күлүктүн баары жарышып, күлгүндү кийип алышып, буудандын баары жарышып, буулумду кийип алышып, тик аяктан ат минип, тизгини колдо карышып, ой-тоодогу баарысы, оюндан кумар канышып, ысылыкка май ичип, суусалыкка бал ичип, шарапты суудай жутушуп, жаканы жалпы тутушуп, жаш балдар чүкө утушуп, чабылган атын сүрөшүп, балбандын баары күрөшүп, чечендин баары сүйлөшүп, ак сакал айлын бийлешип, устасы балка чабышып, ушундай бир ырыскылуу күндөр болду. Той бир айга узады. Он беш миң кой, жети миң жылкы, үч миң уй, төрт жүз төө союлду, ошонун баары баланын жентеги үчүн деп дасторконго коюлду. Эр Манас баласынан тоюна ат жеткен жердин баарын чакырды, Асы менен Жөлөктөн, аягы Ысар, Көлөптөн, Какандагы кытайдын башы болгон Бакбурчун, Манжурия көп журтун, ары жагы Кентунду, Кубайыктын көлүнөн, Тунжурия чөлүнөн, Саңсар тоо белинен, Жаяндардын элинен, Жетигендин тарабы бер жагы дайра, асты чөл, аштык бышпас жеринен, үйүлгөн үйдөй жыландар, жылаңач жүргөн Кышталак деген калктан – баарын тегиз чакыртты. Эртиш, Үркүн эки суу, аягы Арал көл болгон, ортосу Орол бел болгон, Орус урук эл болгон, аты Жагөөр зору бар аларды да чакыртты. Аралда немис эли бар, Айналуп деген беги бар, Күн батышы жагында Таталаштын калкы бар, Белгия журту жалпы бар, аларга кабар жиберди. Шор аралдан арасы Арап деген журтту Бабыл менен Кебилден ооп барганга Ооган болуп калгандарды чакыртты. Астаалуу суунун боюндагы Ангилия арбын журтун, Дүбүрө менен кыш көрбөгөн, жай көргөн, Саңыроо элин чакыртты. Дагы-дагы көп элди санашат. Күн жүрүш жакка барууга Жүдөөлү деген аяр камынды, Байнаңсаң аттуу балбаны Кытайга кабар салууга уруксат угуп алды, Батыш жакка, орус, немиске Алакан жайсаң чыгынды. Ыраңкы таз Булгар бел ашып, магырып түштүк эл аралап, арапка жетүүгө Абунасир саманга кабар берип кайтууга жөнөлдү. Той берер жер деп тандашып ары-кетти, бери-кетти. Эртиш, Уркун эки суу, элети кыргыз эл байы эзелден күткөн жери бу, Амур дайра, Жанасай, андагы кыргыз дагы бай, Ала-Көл менен Байкалды айтышты, Мистели деген жери бар, бир түрдүү кыргыз эли бар, малга жайлуу Кетелик, Чагалыктын түзү бар дешти. Тойду парсы жылдын күзүнө дешти. Өткөрөр жери Алайдын түзүнө дешти.
Тойдун шааниси жана тополоңдору. Тойго көчтөр келе баштады. Көч башы Жакып болду. Алтайдан келди бир көчү. Аяк жагы Ысардан келди бир көчү. Каптал жагы Кашкардан келди бир көчү. Асты жагы Анжиан, арысы Букар, Самаркандан келди. Күн жүрүш жагы Котондон, Күлдү шаардан келди. Кара тегин калчадан канча кызматкери жүрөт. Боз үйлөргө сан жетпейт. Алайдын арбын талаасы үй тигер жери калбады. Соодагери андан көп, өнөрпозу мындан көп. Ногойдон калган кызыл туу оболотуп аштады, бейшемби жакшы күндөр деп, баргандар тойду баштады. Күрөшкө чыкты балбаны, эр эңишке чыгышты, эр сайышта утканы бир ат, бир төө алышты, утулганы кур калбай алар да тон кийди. Алтымыш таз сүзүштү, кызыл ала баштары. Тогузунчу күнүндө ишемби күнү кечинде ак сакалы жаркылдап, азан айтып баркылдап, ак жорго минип чайпалып, ак сакалы жайкалып, астына сурнай тарттырып, атанга жамбы арттырып, оозго келме келтирип, Катагандан кан Кошой – касиеттүү чоң Кошой келди. Арстан Манас алдынан салам айтып жөө чыгып тосуп алды. Ысылыкка май коюп, суусалыкка бал коюп, эттен тандап жал коюп, эче түрдөп нан коюп, алты миң киши кашында, адамынын баарынын ак селдеси башында Кошойго таазим кылат. Кошой акылманды Алмамбет конок алды. Анын артынан жүз алтымыш араб менен сүкүттөн бөлөк сүйлөбөй, жүрүшүн бенде бейлебей, шар айтып шаадат келмени, Абунасир келгени. Аларга албан түрлүү аш коюп, коногуна кой союп, Бакай күтүп калды. Дагулук келди миң киши, жетимиш желдет кул менен, жети атка арткан бул менен кошумчасын кошо алып, караламан аскерди каралашып бош алып, Алтынкөкүл – Керкөкүл ал да келди бир жактан. Күн жүрүштүн астында Дүбүрөнүн адамы, Туюнчаң дегени барды. Кыйшыңгүү деген бир заңгар, адам десең айбандай атан төөнү жүк менен алкымына салгандай, он төрт адам болуп алар келди. Келди да тогуз кой, токсон уйду дароо эле жалмады. Тойго Түгөлүктүн жеринен Чоюн кулак алп келди, Жору куйрук жоон алп келди, Кайчы кулак Каманы, киндиги темир Китени келди. Алардын арка жагынан Манжурия журтунан Себет-Туңша жети жүз болуп келди. Булардан кийин Кытайлардан Коң төрө, Кырмузшаанын Мурадил, кызыл чоктуу Нескара, калмактардын Ушаңы, кара жалдуу Бороончу, каңгайлардан Ороңгу, Солоондон Алооке, Доңуз мүнөз эр Жолой, Токшукердин Бозкертик, Солобонун Соорондүк – баары токсон миң аскер менен келди. Жадоо жайсаң Жаяндардын бектери, Кышталак калкынан Дүңгүлүк деген алпы жүз киши менен түштү. Союлат деген калк келди, анан Орусуя келди. Андан кийин немиси. Алачак деген беги бар, Аңгилия эли келди. Ырамандын Ырчы уул, ычкыры бапик кырк муун, тебетейи чоктуу кул, айтарга оозу шоктуу кул жар чакырды көбүнө. Кандай оюн болорун, канча байге сайыларын жарыя кылды. Эң алдын орус менен кытай журт ортого күрөш салсын деди, жыкканы отуздан жамбы алсын деди. Орус жактан Тымапей чыкты, кытайдан Алоокенин балбаны Чаңкөдөң чыкты. Экөө алышып атканда Азатчандын Кыйшыңгүү чыга калып эле, бирин алып оң колго, бирин алып сол колго сүзүштүрүп салды. Анан бирин атты күн жакка, бирин атты түн жакка. Бул кандай неме деп Туңшалыктан барган Сарыңыроо деген балбан колуна кылыч алып, Кыйшыңгүүгө кылыч урду, Кыйшыңгүүнүн оң колу шадысынан шалк этип, кылычка кошо кетти, колдун түбү калды. Соо колу менен бир муштап, тигини шол жерге сулатты. Майдандан мындай чыккын деп ойроттон отуз баатыр ат коюп, Кыйшыңгүүгө кирди, туш-туштан найза сайды, бу не экени билинбей, тула бою кан болду, сайган найза тешпеген, чапкан кылыч кеспеген, таң калтырды сан колду. Бири сайып, бири чаап өлтүрө албай коюшту. Акыры боз дөбөгө алты чанач дары көмдү, үстүнө таш үйдү. Кыйшыңгүү акыры үйгөн таштын үстүнө олтурду келип көт коюп. Бул неме тоо дөбөдөй бою бар, тойго келген жандарды тоздурууга ою бар, жалыны чыгып көзүнөн, күлдү журт чоочуп таң калат күркүрөгөн сөзүнөн, заң сүйлөсө дин билбейт, мусулман, капыр канча журт кыйкырып сүйлөп айтса да, жалгыз ооз тил билбейт. Тиги жай алып отурган соң Атай деген бир жигит камышынын учуна жетип барып от койду. Камыш күйүп барып, дары коюлган жердеги таштын баары жарылды, Кыйшыңгүүнүн ичеги-карынына ондон артык таш кирди, ошолор эле эки өгүзгө жүк болгондой, боорун басып бойлойлоп, кардын басып кайгайлап чуркап жөнөдү. Алайдан ары алты күндүк жерге жетиптир, ал жетип бети менен жыгылган жер Кебилдин бери жагында Кермелүүнүн бели дейт, Букардын туура жагында экен. Ошондон кийин ал жерди Кыйшыңгүү дешип калыптыр...
Кыргыз колунун Бээжинден тартуу алып, жерине кайтышы. Улуу баяндан 6 факт