Ош мэриясы мамлекеттик тилге байланышкан сынак жарыялады. Максаты

Конкурс Ош шаарында мамлекеттик тилдин кадыр-баркын көтөрүү, шаардын сырткы көрүнүшүн жакшыртуу, мыйзамсыз жайгаштырылган көрнөк-жарнактарды иретке келтирүү максатында өтөт.
Sputnik
БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Ош мэриясы муниципалдык жана айыл аймактык башкармалыктар арасында "Мамлекеттик тилди өнүктүргөн мыкты муниципалдык аймактык башкармалык" аталышындагы сынак жарыялады. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Сынак Ош шаарында мамлекеттик тилдин кадыр-баркын көтөрүү, шаардын сырткы көрүнүшүн жакшыртуу, мыйзамсыз жайгаштырылган көрнөк-жарнактарды иретке келтирүү максатында өтөт. Ага Ош шаарынын муниципалдык жана айыл аймактык башкармалыктар катыша алат. Жарыштын жыйынтыгы 23-сентябрда чыгарылат.
Шарттары:
Башкармалыктардын аймагында мыйзамсыз илинген көрнөк-жарнактарды иретке келтирүү иштерин жүргүзүү;
Аймактардын көчөлөрүндө илинген көрнөк-жарнактардын сабаттуулугун талдоо;
Муниципалдык аймакта жайгашкан менчиктин бардык формаларындагы мекеме-ишканалар жана уюмдар керектөөчүлөрдү тейлөөчүлөрдүн мамлекеттик тилде иш алып баруусун көзөмөлдөө;
Ош регионалдык шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан даярдалган жарнамалардын жасалгасына ылайык келтирүүнү камсыздоо.
Жол инспектору катары кадрдык резервге киргиңиз келеби? Шарттары