1,5 мүнөттө чыгып кеткиле. ӨКМ автоунаа өрттөнгөндө эмне кылуу керектигин айтты

Куткаруучулар өрт өчүрчү баллон салондо болушу керектигин белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги автомашинадан өрт чыккан учурда эмне кылуу керектигин айтып берди.
Мекеме айдоочуларга автоунаанын ичинде тез күйүүчү буюмдар – күйүүчү май, автоунаанын майы, резина, боёк, булгары, кездеме жана башкалар бар экендигин дайыма эске алууну сунуштайт. Мындай кырдаал жаралганда башкысы дүрбөлөңгө түшпөңүз.
Адегенде автокөлүктү адамдардан, имараттардан, башка автоунаалардан алыс жерге токтотууга аракет жасоо зарыл. Машинаны өчүрүп, жүргүнчүлөр болсо аларды тез түшүрүп, документтерди алган туура.
Министрлик автокөлүгүңүздөн өрт чыккан учурда андан 90 секунддун ичинде чыгып кетүүнү эскертет. Өрт бензин куйган бак жактан чыккан болсо алысыраак качкан оң, анткени жарылышы мүмкүн. Жок дегенде 10-15 метр аралыкта туруу зарыл.
"Автоунаа 4-6 мүнөттө толук күйүп кетет. Ар бир айдоочу жанына өрттү өчүрүүчү каражатты алып жүрүшү керек. Ал салондо, айдоочунун жанында турганы оң. Көпчүлүгү жүк салган бөлүккө салып алат, кырсык болгондо ага жетүү кыйын болуп калат", — деди министрликтен.
Автоунааны кантип көпкө чейин айдап жүрсө болот. Адистин кеңеши