Айсулуу Тыныбекова Poddubny турниринде россиялык атаандашына утулуп калды

Кыргызстандык балбан 6:4 эсебинде жеңилүү ызасын тартты.
Sputnik
БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Владикавказдагы беделдүү Poddubny Wrestling League турниринде Олимпиаданын күмүш медалынын ээси Айсулуу Тыныбекова россиялык Алина Касабиевага утулуп калды.
Ал дүйнөнүн жана жаштар арасында Европанын чемпиону, Poddubny Wrestling League турниринин төрт жолку жеңүүчүсү менен күрөшкөн. Натыйжада кыргызстандык балбан 6:4 эсебинде жеңилүү ызасын тартты.
Жакында эле Будапешттеги рейтингдик турнирде да эки спортчу кез келген, анда Тыныбекова 6:1 эсеби менен жеңген эле.
Айсулуу Тыныбекованын байге куржунуна дагы бир алтын түштү. Жеңиштин видеосу