БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Дүйшөмбүдө күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, өрөөндөрдө күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө + 32...+37, Талас аймагында +29...+34, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +34...+39, Ысык-Көл жана Нарын өрөөндөрүндө +25...+30 градуска чейин көтөрүлөт.
Күндүн табы борбор калаада +35...+37, Ош шаарында +37...+39, Чолпон-Атада +27...+29 градуска жетет.