Тамактангандан кийин дароо сууга түшүү коркунучтуу. Адистин түшүндүрмөсү

Адис тамактанган соң бир жарым, эки саат сууга түшпөй турууну эскертти.
Sputnik
БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Тамактануудан кийин дароо сууга түшүү ден соолукка зыян экенин Sputnik радиосуна гастроэнтеролог Сергей Вялов айтып берди.
"Тамак ичип алгандан кийин дароо сууга түшкөнгө болбойт. Адам сууда сүзгөн учурда белдеги, ичтеги, кабыргалар ортосундагы булчуңдар чыңалат. Сүзүп жаткан адамдын каны булчуңдарда көп болушу керек, ал эми тамак ичкенден кийин кан булчуңда эмес, ичеги тарапта болуп калат", – деген Сергей Вялов.
Мындан тышкары тоюп турган учурда курсактагы булчуңдарга күч келтиргенде адам зарна болот же улам-улам кекире берерин билдирген.
"Киши суунун ичинде зарна болуп жатканын сезбеши мүмкүн, бирок улам-улам кекиргенде дем алууда кыйынчылык жаралат. Кекирүү да, зарна да бир учурда суу ичинде болсо адам кооптуу абалга кабылышы ыктымал. Мисалы, анын аритмия оорусу же бронхити кармайт, ал тургай ашказандагы тамак-аш кекиртекке чыгып кетүү коркунучу бар. Мунун кесепети жаман, бул көрүнүштөр суунун ичинде жүргөндө болсо, киши чөгүп кетүүсү мүмкүн", – деп эскертти Вялов.
Адис тамактанган соң аны сиңирүүгө убакыт керектигин белгиледи. Анын айтымында суюк, жеңил тамактар жарым сааттан кийин, коюу, майлуу тамактар бир жарым, эки саатта аш болот.
ӨКМ балдардын сууга түшүүдөгү коопсуздук эрежелерин эскертти