Эгиз төрөйм деп кыялданбагыла. Гинекологдун кеңеши

Курсакта бир түйүлдүк болсо, эне аны 40 жумага чейин көтөрөт. Бул эң жакшы көрсөткүч болуп эсептелет. Ал эми эгиздер курсакта 35-37 жума, үч эм 30-33 жума гана жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Эгиз төрөөнүн кандай кесепеттери бар? Бул тууралуу "Доктор Питер" басылмасы гинеколог, репродуктолог Александра Меркуловага шилтеме берип жазды.
"Үч эм же төрт эмди курсакта көтөрүп жүрүү эне үчүн бир топ тобокелдик экени айтпаса дагы белгилүү. Ошол эле учурда эгиз балдарды жарык дүйнөгө алып келүү дагы оңой эмес. Албетте, аял бир эле төрөт менен эки балалуу болуп, түйшүктөн кутулуп кеткиси келет. Бирок бул туура эмес ой жүгүртүү", — дейт гинеколог.
Меркулова бул нерсе энеге жана балага кандай коркунуч алып келерин түшүндүрдү.
"Кичинекей курсакта эки баланын чоңоюшу кыйын. Витамин жана башка заттар ар дайым тартыш болот. Түйүлдүк чоңойгон сайын кысылып, мындан улам ара төрөлүп калышы мүмкүн. Ал эми эненин организми эки балага тиешелүү заттарды жеткиргенге аракет кылып жатып өзүндө эч нерсе калбай калат, — деди дарыгер.
Адистин айтымында, курсакта бир түйүлдүк болсо, эне аны 40 жумага чейин көтөрөт. Бул эң жакшы көрсөткүч болуп эсептелет. Ал эми эгиздер курсакта 35-37 жума, үч эм 30-33 жума жатат. Бул ара төрөлүү болуп эсептелет.
Мындайда жашаганга үйрөнгөн оң. Аутист балдардын ата-энеси эмнеден жаңылат?