Кыргыздар Эне-Сай доорунда эле асмандан түшкөн Ок жылдызды (метеорит) таап, аны темир катары ийге келтирип, анын абдан курч жана бышык болорун изилдеп көрүп, кылыч, найза, канжар, жебе, зулпукар, наркескен, ак келте, айбалта, ак тинте сыяктуу согуш куралдарын иштеп чыккандыгы алардын химиялык, физикалык кубулуштарды өздөштүргөндүгүн белгилейт. Кадимки сөөктөрдөн ар түрдүү буюмдарды жасашкан. Калай, жез, мис, алтын, күмүш иштеткен.
Жапайы жана бакма жаныбарлардын сөөктөрүн жана мүйүздөрүн иштетүү да физикалык жана химиялык закондорго баш ийдирилген элдик кол өнөрчүлүктүн мыкты үлгүлөрүн көрсөтөт. "Манаста" кылычка пилдин сөөгүн саптайт, жаанын ич жак бетине мүйүздү жука кылып, эки четине жана кармоочуна сөөк каптайт, "ышкырык" жебе жасоодо да сөөктөрдү шакекче кылып кийгизген, камчыга да эликтин, улактын шыйрак сөөгү, мүйүзү сап катары колдонулган. Балдак (аңчылыкта куш конуп туруучу туур), бычак, картык, маки, тушамыш ж.б. буюмдарды жасоодо сөөктү жана мүйүздү пайдаланган. Сөөктү жана мүйүздү ийге келтирүү, аны жылмалоо, өң-түс берүү, бышыктыгын, колдонууга ылайыктуулугун аңдоо жана аларды колдонуучуга жеткирүү кол өнөрчүлөрдөн салт билимдерин терең өздөштүрүүнү талап кылган. Сөөк жана мүйүз иштетүүчүлөр эл арасында өзгөчө баркталган.
Эне-Сай кыргыздары ваза, бөтөлкө сыяктуу идиштерди жасашкан, сомдомо керамика болуп гөзө, чөйчөк, кесе, кумган ж.б. күнүмдүк буюмдарды урунган. Башкаруучулар алтын, күмүш жалатылган кумураларды, чөйчөктөрдү, чөөгүндөрдү ж.б. идиш-аяктарды пайдаланган. Археологиялык казуулар учурунда бир кырынан миз чыгарылган муунактуу шамшарлар, ар кандай формадагы жебенин учтары, кылычтар, найзанын тыктары, айбалталар, чарайна-зооттор табылган, демек, мунун өзү металл иштетүү болгондугун айгинелейт, ал эми металл алуу үчүн кен казуу, андан темир, жез, алтын, күмүш ж.б. керектүү нерселерди бөлүп алуу ишке ашырылгандыгын далилдейт.
IX-X кылымда "улуу кыргыз доору" (В.В. Бартольд) болуу менен кыргыз каганатында "...кыргыз жоокерлери иймек белдүү алеңгир жаа менен куралданган. Жаанын белине капталдата жана тегерете каңылтыр жаткырышкан. Жебенин учуна темирден тык кийгизип, кылоолоп кырын чыгарып, кыйгактуу кылып жасашкан. Алар түркүмү жагынан алганда да көп түрдүү болгон. Мисалы, жөнөкөй саадактарга кирген үч кыйгак жебенин 11, эки кыйгак жебенин 2, төрт кыйгак жебенин 1, жалпак жебенин 7 түрү табылган. Бадана жыртат саадактардын түркүмү үч кыйгактуу жалпак жебелердин 5, төрт кыйгактуу камек жебенин 2, үч кыйгактуу жебенин 2, төрт кыйгактуу чимирик жебенин 6, сүйрү жебенин 1, жалын тил жебенин 1, тегерек жебенин 2 түрүнөн турган. Жаа огунун мынчалык көп түркүм-түрү азырынча орто кылымдардагы көчмөн маданияттардын эч кимисинен жолуга элек. Кыргыздардын зоот тешме жебелери ушул мааниде алганда өзгөчө айырмаланган, алар түр-түспөлү боюнча саадактардын калган башка түркүмүнө караганда алда канча артыкчылык кылган. Өйдөдө аталган башка да саадактардын арасынан үндүү жебе, калак жебе, томпок жебе, чимирик жебе, жылан тил жебе, ызгыч жебе жолугат. Кылоосу өткүр, кыйгагы курч мындай октоо калканды көзөп өткөн, сооттун майда тогоолорун жарып жиберген. Анан калса алардын көп түрү жалаң кыргыздарда гана болгон. Мунун баары кыргыздарда жоо-жарак жасоо өнөрү абдан өнүккөнүн тастыктайт" (Ю. Худяков).
Мындай согуш куралдары "Манас" эпосунун текстинде кеңири учурайт. "Күчөгөн жүндүү сыр жебе" (СО), "учун кайкы чыгарган, учун ууга сугарган" ийри мүйүздүү кылыч (БВ), "түпөктүү найза", "бөрү тил сыр найза", "кыйгактуу найза", "түпөгү жок найза" (БВ), "ала байрак жез найза" (СК), "коргошун, чоюн куйдурган, сабын темир булдурган, башына болот каптаган, сабын темир каптаган", "беш жүз батман салмагы" күрсү (БВ) ж.б. Алардын ичинде зоот, кыяк зоот, күрмө зоот, белдемчи зоот сыяктуу ок өтпөс, кылыч кеспес темир кийимдер, башка кийүүчү туулга, бадана, күрөөкө тон, кыл күбө, олпок, күрмө тон, чопкут, чарайна, чайинги тон сыяктуу жоого каршы барганда кие турган кийимдери тууралуу да кеңири маалыматтар учурайт. Баатырлар күрсү, чоюнбаш, чокмор, шалк этме, канжар, шамшал, албарс кылыч, нар кескен кылыч, зулпукор кылыч, жаа, жебе, саадак, коломсок ж.б. өңдүү атайын адистер тарабынан өндүрүштүк негизде жасалган курал-жарактарды колдонот.
Жыпар, пил тиши иштетилген. "Манас" эпосундагы Манас баатырга Бакай абасы берген ак келте мылтыгы, Айкожо берген ач албас кылычы, Бөлөкбай уста жасап берген найза, айбалта, камчысы – кыргыз элинин алтын, күмүш, темир, жез ж.б. кен байлыктары болгондугун, аларды казып алып иштете билгендигин жана алардан уникалдуу курал-жарактарды жасай билгендигин тастыктайт.
Мындай аскер куралдарын жасоо өнөрү өнүгүш үчүн төмөнкү жагдай-шарттар сөзсүз керек: темир чыга турган кени болушу кажет, б.а., чийки зат керек; темир иштете турган устаканалар өнүгүшү керек; темирди эрите турган энергия булагы зарыл; башка элдердин технологияларын үйрөнүү практикасы болушу керек; согуш куралдарын сыноочу жигиттер (эксперттер) тарбияланышы зарыл; курал-жарактын улам жаңы түрлөрүн, формаларын таап, өркүндөтө билген, алардын артыкчылыгын түшүнгөн "инженерлер", "дизайнерлер" ж.б. адистер болушу кажет; жогорудагылардын баары чогулуп келип элдик билимдерди, тажрыйбаларды жана мыкты адистерди талап кылат.
Археологиялык казуулар учурунда атка тагылган шакек-тогоо, чынжырлуу коңгуроо байлаган ооздуктар, ар түрдүү: тегерек, жалпак, жазуу, чоң, кичине ж.б. үзөңгүлөр, жүгөн, камчы ж.б. буюмдар табылган, аларга кооздуктар түшүрүлгөн. Бул болсо элдин салттуу зергерчилиги өнүккөндүгүн тастыктайт. Ошол эле мезгилде сырга, билерик, шуру, чачпак сыяктуу аялдар жана киселүү кур, жылкынын башы же жалпы сөлөкөтү түшүрүлгөн эркектер тагынган коло тумарлар, дыйканчылык шаймандары: чоюн соколор, сөөк кетмендер, темир күрөктөр, үй тиричилик буюмдары: саптуу темир бычактар, шибеге, жаргылчактын туткасы, кол тегирмендин таштары, шибеге, төөнөгүч ж.б. кол менен жасалган нерселер табылган. Булардын табылышы – кыргыздар азыркыга салыштырмалуу примитивдүү, бирок ошол мезгил үчүн өнүккөн илим менен техниканы колдоно билгендигин көрсөтүүчү фактылардан болуп эсептелет.
Байыркы кыргыздар ойлоп тапкан билимдерге негизделген ачылыштар жана техникалар: жүн токуучу ийик; темир эритүүчү көөрүк; чакмак таш (оттук); шакар самын ж.б. Оттук таш сүрүлүүдөн от чыгат деген физикалык законго ылайык келсе, суунун ташка тийүүсүнөн анын айлануусуна негизденип, суу тегирменин ойлоп тапкан. Шамалдын багытын туура аңдап эгин сапырган, жол жүргөн ж.б. Алыс жакта каза болгон адамды кандайдыр бир кошулмалар менен катырып жерине алып келүүнү үйрөнгөн, сүт азыктарын ачытып, саамал, кымыз, айран, жуурат, сүзмө, курут, максым, жарма, бозо ж.б. оокаттарды жасоону жана аларды сактоону билген, чучук, гүлазык жасашкан, этти туура сактоо үчүн согум сойгон жана аларды жазгы үзүмчүлүккө чейин таза, табигый бойдон сактап туруунун технологияларын иштеп чыгышкан ж.б.
Сүт азыктарын иштетүүнү жалпы дүйнөгө байыркы жана орто кылымдагы кыргыздар тараткан.
"Манас" эпосунда жайма көкүл Жаш Айдар деген каарман бар. Кыргыздар шамалдын пирин да Айдар дешет. Эгин сапырууда Айдарга жалынып, акырын жүргөн шамал же жел сурайт. Мына ошол Жаш Айдар эпосто эл чакырууга жиберилет. Ал физиканын мыйзамын мыкты билген жана ошон үчүн шамалга каршы багыттар менен жүрбөй, шамалга багытташ болуп жол тандайт, анын натыйжасында жетер жерине жетип, чакырар адамдардын баарын чакырып келет.
Чоң казатта Шыпшайдардын огу тийип каза болгон Көкчөнүн сөөгүн алып келиш үчүн анын ичин жарып жинди алат, тазалап канын жууйт, анан катырма дары куюшат (Ж. Мамайдын варианты). Мындагы дал ошол катырма дары химиялык жол менен жасалган, адамдын денесин бальзамдап, катырып койгон, этин сасытпай да, көгөртпөй да турган бир уникалдуу дары болгон сыяктанат. Илимий медицина тапканга чейин эле кыргыздар сөөк катырууну кеңири колдонгон.
Ар түрдүү өсүмдүктөрдүн, буюмдардын жана минералдардын химиялык курамын билип, алардан дары жана боёк алган. Мисалы, ышкын түп, ит мурун, сары жыгач, эңилчек ж.б. өсүмдүктөрдөн, топурактан (жошо), минералдардан (ачык таш) өндүрүп алып, күнүмдүк тиричилигинде колдонгон. Кыргыздар суунун кубатын пайдаланган (суу тегирмен), сууну сактоо үчүн амбар курган.