Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

ЖМК: АКШ Украинага Abrams танкаларын сентябрда берүүгө ниеттенип жатат

Танкаларды колдонуу үчүн украниалык аскерлердин Германиянын Графенвер аскердик базасында окутулары айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. АКШнын бийлиги Киевге Abrams танкаларын сентябрда жөнөтүүгө ниеттенип жатат. Бул туурасында РИА Новости Politico басылмасына таянып кабарлады.
Маалыматта август айында Кошмо Штаттар бул типтеги согуштук техникаларды Германияга жөнөтүүгө камданып жатканы, ал жакка жеткенден кийин танкалардын модеранизацияланары айтылды. Бул иш аяктаары менен Abrams техникасынын биринчи партиясы кийинки айда Украинага жиберилерин жазышты.
Украина аскерлери танкаларды согуш талаасында колдонордон мурда он жумалык даярдоо курсунан өтүшөт.
Басылманын маалыматына караганда, окутуу Германиянын Графенвер аскердик базасында болуп, августта аяктап калат.
Москва Батыш мамлекеттерине Украинага жеткирилген курал-жарак эч нерсе өзгөртпөй турганын, жаңжалды гана узартарын эскертип келет. РФ ТИМинин лидери Сергей Лавров АКШ менен НАТО курал жөнөтүп жана кадрларды даярдап берип тирешүүгө түз катышып жатканын билдирген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЖМК: Пентагон Киевге 2 млрд. долларлык курал-жарак пакетин даярдады