Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун директору Калиман Жунушалиева мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу менен билим сапатын жакшыртууга болорун айтты.
© Sputnik / Асылбек Бактыбеков
– Буга чейин министр мугалимдердин квалификациясын жогорулатууга абдан маани берерин жана аймактарда да иш жүрүп жатканын айтты эле...
— Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу менен гана билим сапатын жакшыртууга болот. Билим берүүдө субъект катары сөзсүз түрдө мугалим роль ойнойт. Ошондуктан биздин министрлик бул багытта чоң иштерди аткарып жатат. 2023-жылдын мартынан майдын аягына чейин бүт республиканы кыдырып, атайын программанын негизинде мектеп директорлорун окутууга чоң иш-чаралар жүргөн. Жалпысынан ага 2104 директор катышкан. Анын ичинен 1703ү аттестациядан өттү. Мугалимдер кайсы темада өздөрүнүн квалификациясын жогорулаткысы келерин аныктап алуу керек (биздин институтка берген педагогдордун беш шкаладан турган баасын билгибиз келип жатат). Анан да келе жаткан окуу жылына коюлган суроо-талаптарын билүү. Республикалык педагогдордун квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту жаңы чакырыктарды кабыл алып, өзгөртүүлөрдү жасашы керек. Министрлик учурда 8-класстардын арасында 2025-жылы өтүүчү "Эл аралык окуучулардын билимин баалоо" программасына даярданып жатат. Бул актуалдуу маселе. Кандай жыйынтык көрсөтөбүз, билим сапатыбыз кандай болот өңдүү ойлондурган маселелерден улам мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу иши биринчи орунга чыкты.
— Директорлорду окутуу кандай натыйжа берди?
— Азыр мектеп директорлору мурункудай дайындоо менен эмес, тесттик тапшырма аркылуу тандалып алынат. Ошондо ар кандай деңгээлдеги директорлорду көрдүк. Үч күн атайын программанын негизинде окуттук. Ар бир мектептин директоруна өз мектебинин өнүгүү планын түзүүнү сунуштаганбыз. Аларга жер-жерлерде тапшырма бергенбиз. Аны алдык. Педагогдорду билим берүүнүн менеджменти кафедрасынын адистери экспертизадан өткөрүп тактадык. Мектептин өнүгүү планын түзгөндө кандай компоненттерден туруу керек, эмнеге көңүл буруу керектигин жеринде окутуп келгенбиз. Эми анын негизинде директорлорго "өз көз карашыңар менен мектептин өнүгүү планын бересиңер" деген тапшырма болгон. Аттестациядан өткөн 1703 директорго сертификат берүүгө даярбыз. Ал август кеңешмесинде тапшырылат.
— Директорлор кайра окутулуп турмай болдубу?
— Мындан 2-3 жыл мурда мугалимдин статусу тууралуу мыйзам бар болчу. Анда мугалим беш жылда бир жолу мамлекеттик квалификациясын жогорулатуу курсунан өтчү. Азыр бул өзгөртүлгөн. Мугалимби, директорбу үзгүлтүксүз билим алышы керек. Мунун индикатору катары окутуучунун түзгөн портфолиосу каралат. Биз да улам окутуп турабыз.
— Жалпы мугалимдердин деңгээлин баалоо системасы барбы? Кандай баа бересиздер?
— Мурда мугалимдер аккредитациядан өтүп турчу. Билим берүүнүн жаңы мыйзамына ылайык, ал да өзгөрүүгө дуушар болду. Учурда мектеп мугалимдеринин деңгээлин баалоо инструменти анча жакшы эмес. Биздин институттун деңгээлинде ар кандай тематикада, багытта курс окутабыз. Бирок алгач алардын билимин арттырган, жаңы көндүмдөр менен сабак бере алган адистерди даярдоо керек. Болбосо кылган иштин натыйжасы төмөн бойдон кете берет. Жаңы инновациялык технологияларды колдонуу менен бирге заманбап методологияны алып чыгабыз. Бирок ошол курстун жыйынтыгы менен "мугалим аны кандай колдонуп жатат" деген суроо да ачык бойдон калууда. Ошол себептен иштеги штаттын негизинде бир бөлүм ачууну караштыруудабыз. Курстун жана угуучунун сапатын баалоо бөлүмү 6-7 штаттан турушу мүмкүн. Мугалим бизден 72 саат окуп кеткенден кийин, андагы алган билимдерин ишине пайдаланышы үчүн кайтарым байланышты калыптандыруучу инструмент керек. Мисалы, видеосабак аркылуу байланышып турсак жоопкерчилик алабы деген ой бар. Мугалимдин компетенттүүлүгүн баалоо боюнча билим берүүнүн долбоорлору системалык түрдө болбой жатат.
— Билим берүү системасы абдан тездик менен өнүгүп жатат. Жаңычылдыктар кирип жатабы?
— Биздин институтта да кемчиликтер бар. Психологиялык негизден алып караганда бир кезде жакшы натыйжа берген көндүм, жаңы көндүмдөрдүн калыптанышына тоскоол болот экен. Жаңы жана эски көндүмдүн ортосунда күрөш жүрөт. Жөндөм калыптандыруу да оңой эмес. Педагогдорду жаңычылдыкка үйрөтүү үчүн дайыма үзгүлтүксүз кыска мөөнөттөгү, узак мөөнөттөгү тренингдерди өткөрүп туруу керек. Бул үчүн алгач өзүбүздө иштеген окутуучулардын да сапатын жогорулатпасак болбойт. Чет өлкөгө барып окуп, тажрыйба алмашып келүү үчүн мамлекеттен каржылоо керек. Бул процесстер жүрбөгөндүктөн эски көндүмдө окутууга туура келет. Сонун идеялар, программалар ишке ашпай калат. Экинчи жагынан квалификациясын жогорулатууга келген мугалимдерди кызыктыра албай жатабыз. Анткени жаңычылдык жок. Башка жакка барып окуганда таң калуу болбосо адам окуп, билим ала албайт. Сурамжылоо жүргүзсөк, мугалимдер жаңыча эч нерсе үйрөнбөгөнүн айтууда. Ошол себептен демөөрчүнүн жардамы менен жакында үч күн 46 мугалимди "Туруктуу өнүгүү үчүн билим берүү" деген темада окуттум. Жыйынтыгында "ушинтип окуса деле болот турбайбы" деген жакшы пикирлерин билдиришти. Бирок институтта жасалып жаткан алгылыктуу иштер да жок эмес. Азыркы замандагы актуалдуу тематикаларды камтыган курстар иш алып барат. 100 сааттык узак мөөнөттөгү жана жеринде окуткан көчмө окутуулар бар. Мындан тышкары, аралыктан окутабыз. Максатыбыз — мугалимдердин компетенттүүлүгүн көтөрүү. Азыр кайра даярдоодо мектепке чейинки жана баштапкы билим берүүдөгү талап чоң.
— Билим берүү тууралуу жаңы мыйзам жазылды. Мында мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу боюнча эмнелер айтылды?
— Анда негизгиси ваучердик система киргизүү керектиги айтылат. Аны сынамык деңгээлде киргизип көрүү оюбузда. Ваучердик система менен мугалимдин өзүн-өзү өнүктүрүүсүнө далалаты чоңоёт. Ошондой эле квалификацияны жогорулатып жаткан мугалимде тандоо мүмкүнчүлүгү кеңеет.