Борбор Азияны көмүр менен камсыздаган Кызыл-Кыя. Шаардын архивдик сүрөттөрү

Быйыл Кызыл-Кыя шаарынын 125 жылдыгы белгиленет. Sputnik Кыргызстан агенттиги аталган калаанын архивдик сүрөттөрүн сунуштайт.
Sputnik
Кызыл-Кыя 1898-жылы калк жашаган аймак катары пайда болуп, кийин көмүр кендеринин иштетилиши менен шаардын пайдубалы түптөлө баштаган. XX кылымдын башында кендерде 700гө жакын адам иштеп, казылган кара алтындын көлөмү арбыган. Совет бийлиги орногонго чейин эле темир жол пайдаланууга берилип, кызыл-кыялыктар аймакты көмүр менен камсыздаган. Мисалы, алар продукцияны Фергана өрөөнүнө, Казакстандын түштүк аймактарына чейин саткан. Кызыл-Кыяга 1938-жылы шаар статусу берилип, союз маалында ар тараптан өнүккөн. Шаарда шахталар, электромеханикалык ишканалар, бут кийим тигүүчү фабрика, аскердик техникалардын, цементтин, сүттүн, тамекинин, консервациянын заводдору иштеген.
Учурда Баткен облусунун ири өнөр жай шаарында кыш, гипс, бетон, цемент чыгарган завод-фабрикалар, 200гө жакын чакан ишкана, бир нече шахта жана бир аэропорт иштейт. Калаада төрт жогорку окуу жай, 14 жалпы билим берүүчү мекеме жана он маданий объект бар.
1 / 17

Кызыл-Кыядагы алгачкы көмүр кендери XIX кылымдын соңунда табылып казыла баштаган

2 / 17

Кендердин аркасы менен калктуу конуш ар тараптан өнүккөн

3 / 17

1952-жылы шаар ичиндеги турак үйлөрдүн курулушунун сүрөтү

4 / 17

Кызыл-Кыя шаарындагы шахтанын ичиндеги жумушчулар. Алар жыл сайын 330 миңден ашык көмүр казышкан.

5 / 17

Кызыл-Кыя көп улуттун өкүлү жашаган шаар болгон

6 / 17

Шахтёрлор шаарчасы, 1958-жыл

7 / 17

Кызыл-Кыянын көмүрү темир жол аркылуу башка союздук шаарларга жеткирилген

8 / 17

Согуш жылдарындагы Кызыл-Кыя. Ал жылдары жергиликтүүлөр фронтко бир топ жардам жөнөткөн.

9 / 17

Кезинде шаарда көп кабаттуу үйлөр да арбын курулган

10 / 17

Шахталардын биринде курулуш иштери жүрүп жаткан кез

11 / 17

Аймакка келген алгачкы чет элдиктер

12 / 17

Кезинде Кызыл-Кыя өнөр жайы, инфраструктурасы өнүккөн, социалдык-маданий объектилери бар шаар болгон

13 / 17

Шахтёрлордун эс алуу борборунун сквери

14 / 17

Шаардын ортосунда жайгашкан "Восход" универмагы

15 / 17

Кызыл-Кыяда жайгашкан "Дружба" кинотеатры

16 / 17

Миңдеген тургунду өзүнө батырган шаардын күнүмдүк турмушу

17 / 17

Убагында изилденген көмүр кендери азыркыга чейин иштетилип келет

Тема боюнча:
Шахтёрлордун шаары атыккан Таш-Көмүр. Архивдик сейрек сүрөттөр
Эмгегин эл унутпаган дарыгерлер. Ак халатчандардын архивдик сүрөттөрү
Советтик Кыргызстанда окулган айт намаздар. Динге мамилени көрсөткөн сүрөттөр
Айтылуу "Ош" базары 40 жыл мурун кантип түптөлгөн. Архивдик сүрөттөр
Кербен жолдун боюндагы шаар. Караколдун архивдик сүрөттөрү