БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Ички иштер министри Улан Ниязбеков ал жетектеген органда ишти уюштурууну жана өздүк курамды жетектөөнү билбеген начальниктер бар экенин билдирди.
Ал бүгүн министрликтин коллегиясында кээ бир кызматкерлери шалаакылык кылып жатканын айтты.
"Кемчиликтер ачык көрүнүп турса деле көрмөксөн-билмексен болуп, бир дагы жетекчиге тартиптик чара көргөн жоксуздар. Жоопкерчиликти моюнга алуудан качып, "эч кимге жаман көрүнбөйүн" деген позицияга өтүп алгансыздар. Пара алуу, бирөөнү калкалоо, жеке кызыкчылыгы үчүн иштөө, бейбаштык, тартип бузуу, баңгизатын колдонуу жана башка бир катар чектен ашкан орой мыйзам бузуу өздүк курам арасында болуп турса деле "сен мага тийбе, мен сага тийбейм" деген мамиле менен жүргөндөр да бар. Мындайларга биздин арабызда орун жок", — деди Ниязбеков.
Ошондой эле ал ички эрежелерди бекем сактоо максатында "Тартиптик уставга" жаңы талаптарды киргизүүнү сунуштаганын белгиледи. Ага ылайык, эгерде кызматкер же анын жетекчиси тартип жана мыйзам бузууга барса, ээлеген кызматынан бошотуунун ордуна атайын наамы бир баскычка төмөндөтүлөт. Ага карабай дагы мыйзам бузса ички иштер органдарынын катарынан чыгарылат.