Чүйгө Омскиден буудай, айыл чарба техникаларын алып келүү сүйлөшүлдү

Сары-Өзөн Кыргызстандын эң өнүккөн айыл чарба аймагы болгондуктан, бул тармакта кызматташуу боюнча сөз жүргөн.
Sputnik
БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Чүй облусунун башчысы Канатбек Жумагазиев жетектеген делегация Россиянын Омск облусуна барып буудай, айыл чарба техникаларын алып келүү маселесин талкуулашты.
Тараптардын жолугушуусунда соода-экономикалык, маданий-агартуу байланыштарын өнүктүрүү талкууланды. Чүй облусу Кыргызстандын эң өнүккөн айыл чарба аймагы болгондуктан, бул тармакта кызматташуу боюнча сөз жүргөн.
Тагыраак айтканда, Омскидеги "Зерновые линии" ишканасы аркылуу Чүйгө буудайды, эң жогорку жана биринчи сорттогу унду жеткирүү, "Дибор экспорт" ишканасынын айыл чарба техникаларын алып келүү сүйлөшүлгөн. Ошондой эле айыл чарба илимий борбору сортторду Кыргызстандын жаратылыш-климаттык шарттарында сынап көрүүүгө макулдашкан. Аны менен катар мөмө-жемиш, жашылчаларды Омскинин соода түйүндөрүнө жеткирүү, кийим-кечелерди импорттоо боюнча бир катар иштер мерчемделген.
Чүй — Омск алакасы узак мөөнөттүү мамилелерге жол ачары белгиленди.
Тигүү цехине сырьё, эт, жүн ташуу. Кыргызстан менен Монголиянын кызматташуу ниети