Тендер толук жоюлдубу? Жаңы мыйзамда эмне өзгөрүп, кандай шарттар коюлган

Жакында эле президент "Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү" мыйзамга кол койгон.
Sputnik
Өлкө башчынын маалымат кызматы тараткан пресс-релизде "бюджеттик каражатка тендер өткөрүү жокко чыгарылды" деп жазылган. Sputnik Кыргызстан агенттиги аталган мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдү талдап чыкты.
Документте татаал, ишке ашырылбаган механизмдер алып салынган жана кайра каралган. Тагыраак айтканда, тендер толугу менен жоюлган эмес, сатып алуулардын шарттары жеңилдетилген.
Финансы министринин орун басары Улукбек Календеров мыйзамдан "тендер" деген сөз алып салынып, "мамлекеттик сатып алуулар" деп аталып калганын айтты.
Тендерсиз түз сатып алына турган нормалар:
Бардык мамлекеттик органдарда чыгымдардын ар бир беренеси боюнча жылдык босоголук сумма 200 миң сом (буга чейин 50 миң сом эле). Мисалы, беш тармактан 1 миллион сомго чейин түз сатып ала алат;
эки жолу тендер өтпөй калса түз сатып алууга жол ачылат;
мектептерге окуу куралдарын, окуучуларга ысык тамак сатып алууда;
эл аралык өзгөчө жардамдардын алкагында иш-чараларды же чет мамлекетке гуманитардык жардамдарды жөнөтүү, мобилизациялык даярдык боюнча иштерди жүргүзүү боюнча сатып алууларда;
мамлекеттик музей, китепкана, архив жана башка ушул сыяктуу фонддорду толуктоого арналган маданий баалуулуктарды, архивдик документтерди алууда;
майыптар үчүн атайын товарларды жана Брайль арибинде терилген окуу куралдарын сатып алууда;
спорттук улуттук курама командаларга иш-чараларга катышуусу үчүн зарыл болгон спорттук шаймандарды, ушул сыяктуу допингге каршы чараларды камсыз кылуу максатында кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу;
билим берүү жана маданият чөйрөсүндө чыгармачылык адамдардын кызматтарын колдонууда.

Тендер толугу менен жоюлдубу?

Улукбек Каландеровдун айтымында, азыр мамлекеттик мекемелер үч ыкманы (чектелген, чектелбеген, бир булактан сатып алуу) колдонуп сатып алса болот.
"Иш жүзүндө мурдагыдай эле сатып алынат. Бирок мүмкүнчүлүктөр кеңейди, процедуралары жөнөкөйлөштүрүлдү. Мындай эрежелер менен бул ыкма болбосо, тигинисин колдонсо болот деген жашоодогу эле ыкмаларды коюп бердик. Анан эң негизгиси сапатка жана ачыктыкка жол ачтык. Эгер биз Мамлекеттик сатып алуулар мыйзамын таптакыр эле жокко чыгарып койсок, кантип жөнгө салабыз? Анда "сатып алууну порталга чыгар, тияк-бияк" деген өзүнчө укуктук актыларды иштеп чыгышыбыз керек болот", — деди министрдин орун басары.
Ошондой эле ал мамлекеттик каражатка ишти, товарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуунун жол-жоболоруна абдан жөнөкөй ыкмалар киргизилгенин кошумчалады. Бирок конкурстун негизинде подрядчыларды тандоо нормасы 100 пайыз жокко чыгарылган эмес.
"Эгер убактысы кенен болсо шашпай конкурс өткөрүп анан сатып алса болот. Азыр ыкчам түрдө керектелген кызматтарды түз сатып алуу мүмкүнчүлүгү берилди. Бирок ал эмне үчүн шашылыш керек болгонун түшүндүрүшү шарт. Мыйзамда кандай жагдайда ыкчам сатып алуу керектиги жазылган. Ошол эле учурда ким менен келишим түзүп иштегени Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланат. Ал эми көп сумма сарпталган жумуштарды аткарууда мурдагыдай тартипте эле конкурс өтөт", — деди Календеров.
Мындан сырткары, ал мамлекеттик ишканалардын кайсы бир ишти аткарууга мүмкүнчүлүгү жетсе конкурсу жок эле түз берилерин кошумчалады.

Мыйзамдан "тендер" деген сөз алып салынды

Аткаминер "тендер" деген коомчулукта негативдүү кабыл алынып калгандыктан ал сөз колдонуудан чыгарылганын белгиледи.
"Буга чейин "тендер" деп эле татаал процедураларды киргизип, мамлекеттик акчаларды максатсыз пайдаланып, кылмыш иштери козголгон учурлар көп болгон. "Тендер" деген сөздү биз мыйзамдан алып салдык. Ошол процедураны өзүнүн аты менен "мамлекеттик сатып алуулар" деп атап койдук. Балээнин баары биз тергеп айтканда болуп жатат да. Бир нерсе болсо "мен тендерден утуп албадымбы" деп чыгышат, ал "картадан утуп алдым" дегендей болбошу керек. "Мамлекеттик сатып алуу" дегенде "мамлекеттин, элдин акчасына алдым" деген маани жатат. Тендер деген сөздү жоюунун максаты ушунда", — деди Календеров.

Коррупциялык тобокелчиликтер көбөйбөйбү?

Финансы министринин орун басары түз сатып алууда коррупциялык тобокелчиликтер азайды деп так айта алган жок.
"Мындай тобокелчиликтер бар. Мыйзамда көрсөтүлгөн талаптарды аткарбай же тууганынан, өзүнүн кызыкчылыгы бар компаниялардан сатып ала берсе чара көрүлөт. Кандай гана буюмду сатып албасын квалификациялык талаптарды коюш керек да. Тууганынан же таанышынан ал талаптарга жооп бербеген товарларды сатып ала берсе укук коргоо органдары териштирет", — деди Календеров.
Бирок ал кандай учур болбосун бардык сатып алуулар электрондук порталга жарыяланарын баса белгиледи. Аткаминер мындай ачык-айкындуулук коррупциянын алдын алат деп эсептейт.
Прокуратура тергөө укугунан ажырады. Мыйзамга Садыр Жапаров кол койду