Прокуратура тергөө укугунан ажырады. Мыйзамга Садыр Жапаров кол койду

Эки жыл мурда Конституция кабыл алынгандан кийин Башкы прокуратура кылмыш ишин тергөө укугуна ээ болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров прокуратура органдарынан тергөө укугунан алуу мыйзамына кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Кыргызстандын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөр киргизилди.
Тергөө жүргүзүү укугу ИИМ менен УКМКда болот. Ошондой эле мындай милдет аскерлердин кылмыш ишин иликтеген Аскер прокуратурасында калтырылды.
Бийлик аталган өзгөртүү прокуратура органдары тарабынан сотко чейинки өндүрүш жүргүзүүдө коррупциялык көрүнүштөрдү жана кызыкчылыктарды алдын алып, тең салмактуулук принцибин камсыз кылат деп ниеттенет.
Белгилей кетсек, 2021-жылы жаңы Конституция кабыл алынгандан кийин президент тарабынан сунушталып, Башкы прокуратура кылмыш ишин тергөө укугуна ээ болгон.
Быйыл 29-июлда Жогорку Кеңеш прокуратура органын тергөө ыйгарым укуктарынан ажыратуу боюнча мыйзам долбоорун кабыл алган. Демилгени президент Садыр Жапаров сунуштап, парламентте юстиция министри Аяз Баетов баяндама жасаган. Көпчүлүк депутаттар эки жылга жетпей мыйзамды кайра өзгөртүүгө киргизгенин сынга алышкан.
Пресс-борбор
Бийлик суу транспортторуна номер алууну милдеттендирүү мыйзамын иштеп жатат