Кыргызстанда мөмө-жемиш кластерин өнүктүрүү боюнча стратегиялык план иштелип чыгып, жемиштерди өндүрүү, кайра иштетүү жана экспорттоого жакшы шарттар түзүлөт. Бул тууралуу Дамира Аскарбекова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, мөмө-жемиш боюнча мындай түзүмдү түптөө 2021-жылы эле башталып, учурда Ош жана Баткен облустарында сынамык долбоор катары иштеп жатат.
"Кыргызстанда мөмө-жемиш кластерин өнүктүрүү боюнча стратегиялык план иштелип чыгып, жемиштерди өндүрүү, кайра иштетүү жана экспорттоого жакшы шарттар түзүлөт. Дыйкандар, фермерлер анын алкагында "РСК банк" жана "Айыл банк" мамлекеттик банктарынан жеңилдетилген насыя алып, мамлекеттен колдоо таба алышат. Бул иш 2021-жылы эле башталып, учурда Ош жана Баткен облустарында сынамык долбоор катары иштеп жатат. Кластерге 15тен ашык кайра иштетүүчү ишкана кирип, 200гө жакын дыйкан катталган. Долбоор дыйкандардын бирдей сорттогу мөмө-жемиштерди өндүрүп, көлөмдү көбөйтүп, рыноктогу атаандаштыкка туруктуу болушун шарттайт", — деди Аскарбекова.
Ошондой эле адис Айыл чарба министрлиги азык-түлүк коопсуздугун негизги артыкчылык багыт катары карап, тармакты өнүктүрүү аракетин көрүп жатканын кошумчалады.