Бишкекте доллар арзандап, бензин улам кымбаттоодо. 26-июлга карата маалымат

Sputnik
БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Өткөн суткада доллардын орточо курсу 12 тыйынга арзандады. Акча алмаштыруучу жайларда бир доллар 87,8 сом болууда (сатуу). Коммерциялык банктарда 87,8 - 88,1 сомдун ортосунда турат.
Борбордогу май куйган бекеттерден баалардын көтөрүлгөнүн көрүүгө болот. "Роснефтиде" кечээ АИ-92 жана АИ-95 тибиндеги бензин 80 тыйынга кымбаттаган. Бүгүн ал сандар өзгөрүлгөн жок, бирок "Бишкек петролеумда" кымбаттоо болгону байкалды. АИ-92 — 1,6 сомго, ал эми АИ-95 бензини 60 тыйынга көтөрүлгөн. Дизелдик майдын наркы ошол бойдон турат.
Алтын куймалар бир аз арзандаган. Маселен, 10 граммдык уютма кечээкиге караганда 42 тыйынга төмөн. Сатып алган кишиге унция (31,1 грамм) 132 сомго арзан түшөт.
Бишкекте доллар 88 сомдон ылдый болууда. 25-июлга карата маалымат