БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Жогорку Кеңештин мандатын тапшырып кеткен депутаты Жаныбек Абиров кайра шайлоого катыша албайт. Бул туурасында Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдыжапар Бекматов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
Кечээ Абиров социалдык баракчасы аркылуу түз эфирде суроолорго жооп берип жатып Ленин округу боюнча кайра шайлоого катышуу боюнча ойлонуп жатканын айтты.
"Бир жума мурун Ленин районунун жашоочулары, байке, эжекелер "кайра шайлоого катышпайсыңбы" деп кайрылып жатышат. Азыр командабыз менен сүйлөшүп, үй-бүлөдө дагы кеңешип жатабыз. Бул чечим оңой болбойт, себеби канчалаган чыгымдар болду. Аны ойлонуп жатабыз, жакын арада чечим кабыл алып сөзсүз түрдө менин катталуучуларыма кабарлайбыз", — деп айткан Абиров.
Ал эми БШКнын мүчөсү, шайлоо мыйзамдарына ылайык, мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүгө себепчи болгон жаран кайра талапкерлигин коё албай турганын билдирди.
"Ал (Жаныбек Абиров — ред.) кайра катыша албайт. Мандатын өзү тапшырдыбы же башка жол менен кеттиби, кайра шайлоо өткөрүүгө себепчи болуп жатпайбы. Ушундай конституциялык норма бар. Карыжылык чыгымдар, 127 миң шайлоочунун убара болгону, 51 шайлоо тилкесинин иштеши, жана БШКнын убара болгонун айтпаганда деле моралдык жагы да баарынан өйдө туруш керек", — деди Бекматов.
Ленин округундагы мөөнөтүнөн мурда шайлоо Жаныбек Абиров мандатын тапшыргандан улам өткөн эле. Март айында ал ресторандын алдынан күзөт кызматкерин сабап салган. Бул окуядан кийин Абиров депутат болууга моралдык укугу жок экенин айтып мандатын тапшырган.
Мындан улам 28-майда бул округда мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөн. Бирок анда добуш сатып алуулар көп болгондуктан жыйынтыгы жокко чыгарылган. Бул жараянга бюджеттен 18,8 миллион сом сарпталган болчу. Эми кайра шайлоо 10-сентябрга белгиленди, ага 13,2 миллион сом керектелет.