"Санарип документи бар күйөө издейм". Бишкектеги жылмайткан видео

Бул кыз Бишкекти кыдырып жар "издеп" жүрөт. Негизги шарты – күйөө болчу жигиттин санарип документтери болушу керек.
Sputnik
БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Мындай адаттан тыш, креативдүү ыкма менен Санариптик өнүктүрүү министрлиги Бишкектин тургундарына "Түндүк" тиркемесинде электрондук документтер бар экенин эскертти. Мындай мүмкүнчүлүктөр документ чогултууда убаракерчиликтерди азайтат. Аны үчүн электрондук кол тамганы калкты тейлөө борборлорунан же онлайн түрүндө алып, "Түндүк" платформасына кирүүгө болот.
Электрондук кол тамга онлайн түрүндө жана элчиликтерде бериле баштайт