Президент Садыр Жапаров сентябрь айында Тажикстанга барууну пландап жатат

Sputnik
БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров сентябрь айында Тажикстанга барышы мүмкүн.
Коңшу өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин сайтындагы маалыматка караганда, 14-15-сентябрь күндөрү Душанбеде Эмомали Рахмондун төрагалыгы астында Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын 5-юбилейлик консультативдик жолугушуусу өтөт.
Саммиттин ишине Кыргызстандын, Казакстандын, Түркмөнстандын жана Өзбекстандын президенттеринин катышуусу күтүлүүдө.
Жапаров: бизге кыргыз тили кандай керек болсо, орус тили дагы ошондой керек