Мурдагы министр Кутманова УКМКнын тергөө абагына киргизилди

УКМК Кутманованы коррупциялык схема түзгөн деп кармаган.
Sputnik
БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигин мурда жетектеген Динара Кутманова УКМКнын тергөө абагына 9-августка чейин киргизилди. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук соту билдирди.
Бүгүн сот бөгөт чарасын карап, УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгынын өтүнүчүн канааттандырды.
Эске салсак, Кутманова кол алдындагы кызматкерлерди эле эмес, өзүнүн жакындарын (уулу жана сиңдиси), жакын чөйрөсүн (үй кызматкери, уулунун досу жана башкалар) тартуу менен жаратылышты жана экологияны коргоо тармагы үчүн жасалма долбоорлорду каржылоого арыз бердирген деп айыпталууда.
Жапаров: Кутманова баласын качырыш үчүн "уурдап кетти" деп спектакль уюштуруптур