БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Бир суткада доллар менен евронун баасы бир аз төмөндөп, уютулган алтындын наркы көтөрүлдү. Баа май куюучу бекеттер тармагынын биринде да жогорулаган.
Кечээкиге салыштырмалуу бүгүн эртең менен доллардын сатып алуу курсу 11 тыйынга, ал эми сатуу 10 тыйынга төмөндөдү. Евро 54 тыйынга арзандады. Рубль, теңге боюнча өтө деле өзгөрүү жок.
"Роснефть" компаниясынын май куйган бекеттеринде АИ-92 менен АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 80 тыйынга кымбаттады. Алтын куймаларынын баасында өзгөрүү бар, тагыраагы, бир граммы 2,5 сомго өстү.