Садыр Жапаров: иним экен деп камабай койсом, башка инилерим аралаша баштайт

32 жаштагы Улан Жапаров ишкерлер менен бажычылар аралашкан мыйзамсыз ишке тиешеси болгон деп шектелип кармалган.
Sputnik
БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров атасынын бир тууганынын небереси, жемкорлукка аралашты деп шектелген Улан Жапаров аттуу иниси тууралуу суроого жооп берип жатып, коррупцияга аралашкан киши камалышы керектигин айтты. мамлекет башчы "Кабар" агенттигине маек берген.
Азыр заман башка экенин, баарына бирдей мамиле кылуу зарылдыгын белгилеген.
"Коррупцияга аралаштыңбы, мейли ким болбо, камаласың. Мамлекетке канча чыгым келтирсең эки эселеп төлөйсүң, анан чыгасың. Төлөбөсөң жата бересиң", — деген.
Ал эми иниси тууралуу бирин жазалоо башкасына сабак болорун айткан.
"Менин иним эле" деп камабай койсом башка инилерим да аралаша баштайт да. Кыргызда "Бирге жаза, миңге сабак" деген жакшы сөз бар. Мына менин комментарийим", — деген Жапаров коррупцияга аралашты деп шектелген тууганы туурасында.
Эске салсак, Садыр Жапаровдун атасынын бир тууган инисинин баласы Ракымжан Жапаровдун уулу, 32 жаштагы Улан Жапаров ишкерлер менен бажычылар аралашкан мыйзамсыз ишке тиешеси болгон деп шектелип кармалган.
Садыр Жапаров бир тууганынын алтын куйма кармап түшкөн сүрөтүнө түшүндүрмө берди