Ажалы жок экен! Капчыгайдан кулаган айдоочу аман калды. Видео

Окуяга күбө болгондор башка автоунаа айдоочунун жолун тороп чыга калгандыгын айтышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Чыгыш Казакстанда жолдон чыгып капчыгай ылдый кулаган автоунаанын айдоочусу аман калды. Бул туурасында Sputnik Казакстан жазды.
Жол кырсык Буктырма — Усть-Каменогорск трассасында болгон. Окуяга күбө болгондор башка автоунаа айдоочунун жолун тороп чыга калгандыгын айтышкан. Темир тулпар тоо ылдый кулаганда рулдагы киши күү менен арткы орундукка барып түшкөн. Кыязы, аны ажалдан дал ушул жагдай аман калып калган.
Жылмайган тагдыр: үч ай океанда ити менен калып калган киши куткарылды. Видео