Изилдөө: электросамокаттар мотоциклге караганда коркунучтуу

Самокат менен кырсыктаган учурлардын 25 пайызында гана айдоочулары шлем кийип жүргөн.
Sputnik
БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Электросамокат менен жүрүү мотоциклге караганда кооптуу экенин француз окумуштуулары айтканын dayFREURO жазды.
Адистер соңку үч жылда жол кырсыгына кабылган беш миң адамдын катышуусундагы изилдөө жүргүзгөн. Натыйжада электросамокат айдоочуларынын 45 пайызы башынан жаракат алганы аныкталган. Ал эми мотоциклчендер салыштырмалуу азыраак – 39 пайыз. Самокат менен кырсыктаган учурлардын 25 пайызында гана айдоочулары шлем кийип жүргөн.
Жабыркагандардын ар бир төртөөнүн үчөөсү интенсивдүү терапияга муктаж болгон. Үч окуянын экөөсүндө жабырлануучуларга хирургиялык кийлигишүү керектелген. Электросамокат айдоочуларынын тогуз пайызы каза тапкан. Алардын көпчүлүгү башынан катуу жаракат алгандар.
Пресс-борбор
Электросамокатты айдоо боюнча эрежелер. Мыйзам долбоору даярдалууда