Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Пентагондун мурдагы өкүлү: Россия жакында украин күчтөрүн Харьковдо жок кылат

Эксперт кагылышуу НАТО күчтөрүн Украинадан алып чыгып кеткенден кийин токтой турганын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Россиянын армиясы Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн акыркы резервдерин Харьковго жакын жерде жок кылат. Бул тууралуу Пентагондун башчысынын мурдагы кеңешчиси, полковник Дуглас Макгрегор YouTube блогунда бөлүштү.
"Россиялыктар августта Харьковду курчап алышса таң калбайм. Андан кийин шаарга жакын жерде даярдык көрүп, бекемделишип, украин армиясынын акыркы чабуулун күтүшөт. Аларды орустар фронттун түштүк багытындагыдай эле талкалайт", — деген офицер.
Ал Түндүк атлантикалык альянс өлкөдөн чыгып, Россиянын чек араларындагы абалды курчутпай калары менен Украинадагы жаңжал соңуна чыгарын белгиледи. Макгрегор Украина мындай учурда Москвага эч бир блокко кошулбаган, бейтарап, достук мамиледеги мамлекет болорун кошумчалаган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украина өзүнүн үлкөн союздаштарынан ажыроодо. Жагдайга сереп