Зеленский: Крым көпүрөсү — Украинанын максаты

Зеленский Украинанын милдети Крымды толугу менен кайра кайтаруу деп эсептээрин айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Владимир Зеленский коопсуздук боюнча өткөн Аспен форумунда сүйлөп жатып, Крым көпүрөсүн Украинанын максаты деп атады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Бул биздин максат экени түшүнүктүү. Ал эми тынчтыкты эмес, согушка алып келген ар бир бутаны зыянсыздандыруу керек", — деген ал.
Зеленский Украинанын милдети Крымды толугу менен кайра кайтаруу деп эсептерин айткан.
17-июлда таңкы саат 3.05 чамасында Украина пилотсуз башкарылуучу аппараттар менен суу алдынан Крым көпүрөсүнө кол салган. Терактынын кесепетинен көпүрөнүн автоунаа жүргөн жеринин бөлүгү талкаланган. Мунун кесепетинен белгороддук үй-бүлө — аялы-күйөөсү каза таап, 14 жаштагы кызы жарадар болгон. Россия лидери Владимир Путин муну аскердик көз караш менен алганда мааниси жок жана ырайымсыз теракт деп атады. Тергөө комитети бул боюнча кылмыш ишин козгоду.
Крым 2014-жылдын мартында Украинадагы төңкөрүштөн кийин өткөн референдумдан соң Россиянын аймагына айланган. Референдумда Крымда шайлоочулардын 96,77 пайызы, Севастополдо 95,6 пайызы Россияга кошулууну колдошкон. Украина дагы эле Крымды өзүнүн убактылуу оккупацияланган аймагы деп эсептейт, бул маселеде көптөгөн батыш өлкөлөрү Киев тарапта. Ал эми Путин Крым маселеси таптакыр жабылгандыгын айткан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин Крым көпүрөсүндөгү теракт боюнча жыйын өткөрдү. Урунттуу учурлар