Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Атайын операцияда РИА Новостинин кабарчысы каза болду

Мындан тышкары, дагы эки журналист жаракат алгандыгы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 22-июл. – Sputnik. РИА Новости аскер кабарчысы Ростислав Журавлев атайын операциялар жүргүзүлгөн аймакта Украина тараптын аткылоосунан курман болгонун билдирди.
Мындан тышкары, агенттиктин фотокабарчысы Константин Михальчевский жарадар болгону, анын абалы тууралуу маалымдала электиги айтылды.
Аткылоо Запорожье облусуна караштуу Пятихатки аймагында болуп, ага журналисттердин тобу кабылган. Алдын ала маалыматтарга караганда, "Известия" басылмасынын журналисти да жаракат алган.
Россиянын Коомдук палатасы Журавлевго Каармандык орденин ыйгарууну сунуштамакчы.
"Россия сегодня" медиа тобунун башкы директору Дмитрий Киселев журналист Журавлев жарык дүйнөгө келген Екатеринбург шаарында жерге берилерин, бул анын апасынын каалоосу экенин айтты.

“Ал өтө тажрыйбалуу кесипкөй журналист болчу. Кооптуу жерлерге биринчилерден болуп чыгып кетип, так жана маанилүү маалыматтарды берчү", — деди Киселев.

Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украинанын пилотсуз аппаратынын Крымга жасаган чабуулу бир кыздын өмүрүн алды