Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

РИА Новостинин кабарчысы Журавлёв кандай кырдаалда каза болгонун айтып беришти

Украинанын аскердик бөлүктөрү материал даярдап жүргөн журналисттердин тобун артиллерия менен аткылаган. Аскердик кабарчы чачырап жарылган снаряддан көз жумган.
Sputnik
БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. РИА Новостинин кабарчысы Ростислав Журавлёв жарадарларды эвакуация кылып жаткан учурда кассеталык октон көз жумганын аталган агенттик жазды.
Россиянын Коргонуу министрлиги 22-июлда 12:00 чамасында Украина аскерлери "Известия" мультимедиалык маалымат борбору менен РИА Новости агенттигинин журналисттер тобу Украинанын Куралдуу күчтөрү жөнүндө материал даярдап жатканда аларга артиллериялык чабуу жасаганын билдирди. Төрт журналист ар кыл жаракаттарды алган.

"Журналисттер ыкчам түрдө Россиянын Коргонуу министрлигинин талаа госпиталына жеткирилип, квалификациялуу медициналык жардам көрсөтүлгөн. Медициналык жайга алып бара жатканда РИА Новостинин журналисти Ростислав Журавлёв кассеталык ок жарылып каза тапкан", — деп айтты министрликтен.

Калган журналисттердин "ден соолугу туруктуу, бирок орточо оор экенин, өмүрүнө коркунуч жоктугун, тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлүп жаткандыгы" айтылды.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин: Украина чачырама ок-дары колдонсо, Россия дал өзүндөй жооп кайтарат