Министрлик өспүрүм курактагы кош бойлуулуктун кесепеттерин эскертти

Кыздар жетиле электе түйүлдүктүн жатындын сыртына бүтүп калуу коркунучу өтө жогору.
Sputnik
БИШКЕК, 22-июл. – Sputnik. Саламаттыкты сактоо министрлиги өспүрүм кыздардын кош бойлуулугунун кесепеттерин эскертти.
Маалыматта айтылгандай, 18 жашка чейинки кыздардагы бойго бүтүү – өспүрүм курактагы кош бойлуулук болуп эсептелет. Бул куракта кыздардын организмин толук калыптанып бүттү жана төрөткө даяр деп эсептөөгө болбойт. Мындай курактагы кош бойлуулук түйүлдүк үчүн да, өспүрүм кыз үчүн да кооптуу.
"Өспүрүм кыздарда түйүлдүк жатындан тышкары бүтүп калуу коркунучу өтө чоң. Буга кыздын жалпы организми, жыныстык жактан да жетиле электиги себеп болот. Кош бойлуулук жүрөк айлануу, кусуу, темирдин жетишсиздиги, аз кандуулук менен коштолгондуктан бойго жете элек кыздарда түйүлдүк өспөй калуусу мүмкүн. Бойдон түшүп калуу, түйүлдүктүн туура эмес жайгашышы, баланын ара төрөлүшү, түйүлдүктүн өрчүбөй калуусу өңдүү көйгөйлөр да болушу мүмкүн", — деп айтылат министрликтин эскертүүсүндө.
Ошондой эле анда бойго жете элек кыздардын төрөтү татаал өтөрү белгиленген. Дене мүчөсү жетиле элек болгондуктан төрөт учурунда ткандар айрылат, кансырашат. Көп учурда кесарево жолу менен төрөтүүгө туура келет.
"Бойго жете элек кыздар төрөгөн балдар адатта дене мүчөсүнүн да, акыл-эсинин жетилиши жагынан да артта калат. Төрөлгөндөн кийин чарчап калгандар да көп", — деди министрликтен.
Ошондой эле анда өспүрүм кыздар мындай абалга туш болуп калса туугандары тарабынан моралдык, психологиялык жардам көрсөтүлүшү керектигин жана өз учурунда дарыгерлерге кайрылуу зарылдыгын кошумчалашкан.
Радио
Өспүрүм кыздардын жетилүүсү тууралуу мобилдик тиркеме ишке кирди