Кыргызстанда Нотариалдык палата түзүлөт. Себеби

Жаңы палата республика боюнча нотариустардын ишин профессионалдык стандарттар жана этика жагынан жөнгө салуу боюнча иш алып барат.
Sputnik
БИШКЕК, 22-июл. – Sputnik. Кыргызстандын Нотариалдык палатасы түптөлүп жатканын Юстиция министрлигинен маалымдады.
Жакында нотариустардын биринчи чогулушу өтүп, анда аталган маселе каралган.
"Жыйындын жүрүшүндө нотариат тутумун реформалоо боюнча талкуу жүрдү. Республика боюнча нотариустардын ишин профессионалдык стандарттар жана этика жагынан жөнгө салуучу жана башка маанилүү функцияларды аткара турган бирдиктүү нотариустар палатасын түзүү маселеси каралды", — деди министрликтен.
Анда Нотариалдык палатанын ишинин жалпы принциптери макулдашылып, негизги органдарынын курамын шайлашкан.
Юстиция министри Аяз Баетов бирдиктүү нотариалдык палатанын түзүлүшү алдыга жасалган маанилүү кадам деп эсептээрин айткан. Юстиция министрлиги Палата менен толук кандуу кызматташууга, институционалдык калыптанууга жана өнүктүрүүгө тийиштүү жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирген.
2023-жылдын июлуна карата маалыматтарга таянсак, Кыргызстанда мамлекеттик 90, жеке 340 нотариус бар. Алардын 47 пайызы Бишкек шаарында, 27 пайызы Чүй облусунда кызмат көрсөтөт. Калган алты аймакта калктын санына жараша ар бир облуста бирден үчкө чейин мамлекеттик нотариустар иштейт.
"Мамлекеттик нотариустарга салыштырмалуу жеке нотариустардын ыйгарым укуктары чектелүү болгондуктан айрым нотариалдык кызматтарды мамлекеттик нотариустардан гана алууга мүмкүн болчу. Бул бөлүштүрүү айыл тургундарын нотариалдык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн чектечү. Бул абал нотариалдык системаны түп тамырынан бери реформалоонун себептеринин бири болду", — деди министрликтен.
Радио
Нотариат жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизилди