Нарында 16 үйдү суу каптады. Сестенткен селдин видеосу

Кырсыктын кесепеттерин жоюуга жалпысынан ӨКМдин кызматкерлери менен жергиликтүү тургундар тартылган.
Sputnik
БИШКЕК, 22-июл. – Sputnik. Нарын районундагы Куланак айылында 21-июлда кечинде катуу жааган жамгырдан улам сел жүргөнүн аймактык кабарчы маалымдады.
Анын кесепетинен айылдагы 16 турак жайды суу каптап, төрт үйдүн ичине кыян суулар кирген.
Кечээ Куланактагы Кур-Жылга коктусунан түшкөн кыяндын суулары селден коргоочу каналга курулган көпүрөдөн ташып кеткен. Кырсыктын кесепеттерин жоюуга жалпысынан ӨКМдин сегиз кызматкери, жергиликтүү тургундардан 20 киши, бир автожүктөгүч тартылды.
Бүгүн, 22-июлда, Нарын районунун акими Нуридин Мадимаров Учкун айыл өкмөтүндө Жарандык коргонуу штабынын чогулушун өткөрүп, айыл өкмөт башчысына жана тиешелүү мекеме жетекчилерине өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу боюнча тапшырмаларды берди. Учурда абал туруктуу.
Бишкектин четинде эс алууга барган эне-бала сууга агып кетти