Баламдын аутист экенин уккан күйөөм кабыл албай жатат. Эненин каты

Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.
Sputnik
"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына баласынын өзгөчө экенин жакындары түшүнбөй, жардамга кол сунбай жаткан келин кат жазган.
Саламатсыздарбы! Менин сиздерге кайрылуума үйдөгү чыңалган абал түрткү болду. Жакында эле 3,5 жаштагы балама дарыгерлер аутизм деген медициналык корутунду жасады. Буга чейин эне катары балада баары дурус эмес экенин байкап жүрдүм. Анткени атынан чакырсаң карачу эмес, чочуркабай эле ар кимге бара берчү. Тили да кеч чыккандан үйдөгүлөргө айтсам, эч ким мага кулак салбады. Тыңдагысы да келбеди. Ошентип жолдошум, кайын журтум менен кармашып жүрүп акыры неврологго алып бардым. Ошол жерден, анан ар кандай текшерилүүдөн өтүп жүрүп дартыбыз аныкталды. Эми мага баары жардамдашат деп ойлогом, бирок эч кимиси баланын өзгөчө экенин кабылдагысы келген жок. Баары бирде мени күнөөлөп, бирде баланы жемелеп калышат. Ушунун баарын көтөрүү мага кыйын болуп турат. Жолдошуңдан колдоо болбосо оор эле экен. Муну меникиндей баласы бар энелер түшүнөт. Мага колдоо бербесе да тоскоолдук жасашпаса деп тилейм. Анткени менде убакыт жок. Бала өсүп жатат. Мен убакыттан уттурбай баламды логопед-дефектолог, коррекциялоочу адистерге алып барып, коомго аралашууга, оюн билдирүүгө үйрөтүүм керек. Аутизм — бул оору эмес. Болгону неврологиялык, психологиялык бузулуу. Аны коррекциялап, коомго аралашууга, күнүмдүк адамга керектүү иштерге, өзүн карап-тароого үйрөтүү керек экен. Бул үчүн мага атайын адистердин көмөгү кажет. Анын үстүнө башка балдарым да бар. Алардын сабагын да карайм. Көңүл буруу зарыл. Ушуну менен үй иштерине жетишпей калам. Күнүнө тамак жасап, кайната-кайненемдин, жолдошумдун, балдарымдын кийимдерин жууп-иреттегенге гана жетишип жатам. Ушундан улам да үйдө түшүнбөөчүлүк көбөйдү. Жолдошум нааразы, кайненем сүйлөнөт. Кээде мага мээм лукулдап, жарылып кетчүдөй сезилет. Анткени абдан жазылбаган, чыңалган абалда жүрөм. Туалетке кирип ыйлап-ыйлап алам. Ажырашууну да ойлогон жокмун. Болгону ушул кыйын кырдаалдан кантип жеңил өтүүм керек? Аягында оорулуу болуп калууну каалабайм. Анткени мен балдарыма керекмин. Кайненеме отургузуп алып түшүндүрүүгө аракет кылдым. Бирок "Бул баланын эркелиги, сен жөн эле көбүртүп-жабыртып жатасың. Бала деген чуркайт, укпайт. Чоңойгондо калат. Биздин тукумда андай оору болгон эмес. Силерди билбейм" деп койду. Күйөөм баланын дарты тууралуу уккусу, көргүсү да келбейт. Ага да айта берүүнү каалабайм. Анткени эркектер — алсыз. Менин жолдошум да муну көтөрүүгө чамасы келбесин түшүндүм. Баарынан тажап, башкага кетип калышы мүмкүн. Менин балдарыма ата керек. Жок дегенде акчалай камсыздап турсун. Ошол себептен Алланын сынагын көтөрүп, күчтүү болуум зарыл деп ичимден өзүмө дем, кайрат берем... Бирок мага жогоруда айтып кеткендей абдан оор... Эмне кылсам?..
Психолог Гүлнара Жасоолова:
— Аутизм — бул оору эмес. Биологиялык абал, өнүгүүнүн өзгөрүшү. Муну дарыгерлер кенен түшүндүрүп берет. Эне өзүнө "баланын дарты тууралуу көбүрөөк айтсам, атасы таштап кетеби" деген коркунучту жаратып алыптыр. Эгер ушундай коркунучту жаратып алсаңыз, балага психологиялык жактан эне катары жардам болбой калышы мүмкүн. Негизи азыр аутизм тууралуу маалыматтар абдан кенен. Биздин өлкөдө да андай өзгөчө балдар менен көптөгөн дарыгерлер, психологдор, психиатрлар иштеп жатат. Кайындарыңызга, жолдошуңузга да кенен маалымат алып түшүндүрүшүңүз керек. Көп нерсе муну кабыл алууга байланыштуу. Мындан ары кандай жардам берүүгө болот жана кандай камкор боло алабыз. Балага өз убагында жардам берип, коомго аралаштыра алсаңыздар, ал кийин толук үй-бүлө кура алат. Аутизм тукум куубайт. Генетикага көз каранды эмес. Үйдө психологиялык жагдай туруктуу болсо, ал балага сөзсүз жагымдуу маанай тартуулап, жакшы жардам бере алат. Мындан ары да кенен маалымат алгыңыз келсе, психологго жекече кайрыла аласыз.
Классташтарым, жакындарым басынта берип өзүмө ишенимим жоголду. Жигиттин каты