РФ ТИМи: аскердик журналист Журавлёвдун өлүмүнө күнөөлүүлөр жазаланат

Захарова Украинага чачырама ок-дарыларды бергендер тиешелүү жазасын толугу менен аларын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. РИА Новостинин журналисти Ростислав Журавлёвдун өлүмүнө күнөөлүүлөр жазасын алат. Бул тууралуу Россия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова билдирди.
Аскердик операция жүрүп жаткан аймакта иштеп жүргөн Ростислав Журавлёв оор жаракат алып каза тапты. Коргоо министрлиги Журавлёв жарадарларды эвакуация кылып жаткан учурда кассеталык октон көз жумган. Андан сырткары россиялык бир нече журналисттер жарадар болгон.
"Россиялык журналисттерди мыкаачылык менен өлтүрүүгө күнөөлүүлөр өзүнүн тиешелүү жазасын алышы керек. Бардык жоопкерчиликти Киевди кассеталык бомба менен камсыз кылгандар да тартышы керек", — деп айтылган тышкы саясат боюнча ведомствонун сайтындагы Захарованын билдирүүсүндө.
Ал "Киев режими кылмыштуу террордук иштерин улантып жатат" деп кошумчалаган.
"Бардык нерселер журналисттерге чабуул жөн жерден жасалбагандыгын айкын көрсөтүп турат: кабарчылар Киев режиминин согушкерлери дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө тыюу салынган кассеталык бомбалар менен Запорожье областындагы калктуу конуштарды аткылоосу тууралуу репортажга материал жыйнап жүрүшкөн. Киевге АКШ тарабынан жеткирилгендер Вашингтон, Лондон жана Париж менен бирге Зеленскийдин режимин алыскы аралыкка учуучу ракеталар менен камсыздап, журналисттердин коопсуздугу үчүн оозеки гана тынчсыздануусун билдиришкен, бирок чындыгында алар террорчулардын демөөрчүсү", — деген дипломат.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШ Украинадагы чатакты ырбатууга кызыкдар. Чачырама бомбалардын берилиши тууралуу