Россиянын тышкы карызы азайды. Сандар

РФтин карызы жыл башынан бери 33 миллиард долларга азайып, 1-июлга карата 347,7 миллиард долларды түзгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Биринчи кварталдын жыйынтыгы боюнча Россиянын тышкы карызынын деңгээли өлкөнүн ички дүң продукциясына карата тарыхта боло элек минимумга чейин түштү. Бул тууралуу РИА Новости Борбордук банкка таянуу менен жазды.
Маалыматка ылайык, өткөн жылы сырткы карыздын көлөмү ИДПнын 16,6 пайызын түзүп, 1993-жылдан берки минимумга жеткен. Быйыл марттын соңунда ал 15,45 пайызга чейин азайган. Эгер суммасын айта турган болсок, Россиянын башка өлкөлөргө болгон бересеси 354,8 миллиард доллар же 27,35 триллион рубль.
Россиянын тарыхында тышкы карыздын эң жогорку чеги 1999-жылы катталып, ИДПга карата деңгээли 91 пайызга чейин жеткен.
Өткөн жумада Борбордук банк РФтин чет жактан алган карызы жыл башынан бери 33 миллиард долларга азайып, жалпы суммасы 1-июлга карата 347,7 миллиард долларды түзгөнүн билдирген. Муну менен бересенин учурдагы көлөмү 2006-жылдан берки эң төмөн көрсөткүч болуп калды.
АКШнын мамлекеттик карызы Россияныкынан 107 эсеге көп болууда