Прокуратура "Тазалыктан" 8 миллион сомдук мыйзам бузуу тапты

Шаардык прокуратура "Тазалык" ишканасына текшерүү жүргүзүп, атайын беш техниканы сатып алууга мыйзамсыз келишим түзүлгөнүн аныктаган.
Sputnik
БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Бишкектин муниципалдык "Тазалык" ишканасына атайын техника сатып алууда мамлекетке 8 миллион сом зыян келтирилген. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Маалыматка караганда, шаардык прокуратура "Тазалык" ишканасына текшерүү жүргүзүп, атайын беш техниканы сатып алууга мыйзамсыз келишим түзүлгөнүн аныктаган.
"Муниципалдык ишкананын сынактык комиссиясы 2022-жылдын сентябрь айында рыноктук орточо бааны жана рыноктогу реалдуу бааны изилдебестен атайын беш техниканы 23,3 миллион сомго сатып алууга компаниялардын бири менен келишим түзүүнү чечкен. Кийин бул компания келишим түзүүдөн баш тарткан. "Тазалык" ага 466 миң сом суммасындагы сунуштун кепилдик камсыздоосун мыйзамсыз кайтарып берген", — деп айтылат маалыматта.
Ал эми октябрь айында "Тазалыктын" ошол учурдагы директору К. Н. бул атайын беш техниканы 4,5 миллион сомго кымбаттатып сатып алуу боюнча башка компания менен келишим түзгөн.
"Кийинки компания техникаларды мөөнөтүнөн кеч алып келген, бирок "Тазалык" ал үчүн айып акчаларды эсептеп, кармап калган эмес. Мунун кесепетинен мамлекетке ири көлөмдөгү – 8 миллион сом зыян келтирилген", — деди Башкы прокуратурадан.
Буга байланыштуу Кылмыш жана жаза кодексинин "Кызматынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "Атайылап пайдасыз келишимди түзүү" беренелери менен иш козголгон.
Маалыматта көрсөтүлгөн К. Н. инициалдары Нурлан Касымов деп болжолдонууда, ал муниципалдык ишкананы 2022-жылдын июль айынан баштап 2023-жылдын январына чейин жетектеген.
Ташиев: экс-министр Кутманова 1 млрд. сомдук долбоорду туугандарына берип койгон