Майда иштер бүтпөйт. А. Жапаров журналисттерди өлкөдөгү өнүгүүнү жазууга чакырды

Жапаров өкмөттүн командасы кыялдарды кыял бойдон калтырбастан иш менен далилдеп жатат деген пикирин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров майда-барат иштер эч качан бүтпөй турганын айтып, журналист, блогерлерди өлкөдөгү өнүгүүлөр тууралуу маалыматтарды жазууга чакырды.
Учурда 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча өкмөттүн жыйыны өтүп жатат.
"Азыр бюджетибиз 6,4 миллиард долларга жетти. Ушул темп менен кетсек, наркы 7 миллиард долларды түзгөн Камбар-Ата-1 ГЭСин өзүбүз да кура алсак болчудай. Бул бизге күлгөндөргө жооп болот. Бирок кошуналар кошулса, эки эсе ылдамыраак куруп бүтөбүз деп ойлойм. Былтыр өкмөт үлгү болуп айлыктарды көтөрдүк эле, эми бизнес бизди кууп жетебиз деп айлыктарын көтөрө баштады. Демек, экономикадагы туура саясат, өкмөттүн туура жүрүмдөрү бизнестин дагы элди багуусуна түрткү берди. Журналисттерден суранып кетет элем, мурдагы көрсөткүчтөр менен азыркы эмгекти салыштырып, изилдеп бир жакшы аналитикалык сабаттуу маалыматтарды ачыктасаңар жакшы болот эле. Эл эми эмгекти көрүшү керек. Күнүмдүк тиричиликтеги майда-барат иштер эч качан бүтпөйт. Мен блогерлерге, кесиптик билими бар чыныгы журналисттерге кайрылып, мамлекеттин ишине салым кошууга чакырам", — деди Жапаров.
Ошондой эле ал өнүгүү траекториясы туруктуу өсүү жолуна карай багыт ала баштаганын, акыркы бир жарым жылда эбегейсиз чоң иштер жасалганын белгиледи.
"Кыялдар кыял бойдон калбастан иш менен далилдеп жатабыз, анын башкысы — Кумтөр. Биз аны кыргызга кайтарып келдик жана токтоосуз иштетип жатабыз. Ошондой эле Камбар-Ата-1 ГЭСин, Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун куру боюнча мегадолбоорлорду биздин команда ишке ашырууга белсенди. Бул биздин колубуздан келет дегенди тастыктайт", — деди өкмөт башчы.
Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров кечээ "Борбор Азия — булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңеши" саммитинде аталган мегадолбоорлорду биргелешип курууга араб өлкөлөрүн чакырган.
А. Жапаров: күзүндө мектеп жетекчилери менен ЖОЖ мугалимдеринин айлыгы өсөт